Тең укуктуулукка болгон укук деген эмне?

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченем бардык адамдардын тең укуктуулугуна жана басмырланбашына кепилдик берет. Мамлекеттер адам укуктарын ишке ашырууда теңдикти жана мыйзам тарабынан бардык адамдардын бирдей корголушун кепилдөөгө милдеттүү.

Басмырлабоонун принциби өз ара байланышкан үч элементти камтыйт. Бул төмөнкүчө түшүндүрүлөт:

  1. адамга карата кандайдыр бир бөлүү, четтетүү, чектөө же артыкчылык,
  2. адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерде таанылган корголуучу мүнөздөмөнүн негизинде,
  3. саясий, экономикалык, социалдык, маданий же коомдук турмуштун ар кайсы чөйрөлөрүндө адам укуктарынын жана негизги эркиндиктеринин бирдей таанылышын, пайдаланылышын же жүзөгө ашырылышын жокко чыгаруу же азайтуу максатын көздөсө же ушундай натыйжага алып келсе.

Бардык адамдардын кадыр-баркын кандайдыр бир басмырлоосуз коргоо “кастык тилине”, анын ичинде пикир айтуу эркиндигинин чектелишине каршы турууга өбөлгө түзөт.

“Кастык тилине” карата жооп чаралары жана тыюу салуулар көбүнчө улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти же коомдук адеп-ахлактуулукту коргоо керек деген мүдөөгө байланыштырылат. Бирок бул максаттар адамдарды басмырлоодон коргоо максаты менен айкалышкан кезде, сөз эркиндигин чектеген жооп чаралары өтө кеңири чечмеленип, оңой эле кыянат пайдаланылып кетиши мүмкүн.