Жек көрүүчүлүккө каршы тургула. Өз укуктарыңарды коргогула.

Ким болсоңуз да, каякта жашасаңыз да, сизди коргоо үчүн, коркпой, муктаж болбой, зомбулукка, басмырлоого кабылбай жашооңуз үчүн адам укуктары сакталышы керек.

Алар биздин татыктуу, тең укуктуу жашоо (өз пикирибизди билдирип, ачык айтуу укугубузду пайдалануу, ден соолукта жашап, билим алуу) мүмкүнчүлүгүбүздү камсыздоо жагынан бардык өкмөттөрүбүздүн милдеттүү экендигин эске салып турат.

Ошентсе да дүйнө жүзүндө айрым адамдар “кастык тилин” колдонушат. Алар муну башка адамдарды “башка” болгондугу үчүн эле басмырлап, зомбулук көрсөтүү жолу менен тең көрбөй, ар-намысын тебелеп, адам катарынан чыгаруу максатын көздөшөт. Үстөмдүк кылган кишилер аялуу же арасат абалдагы адамдарды кемсинтип, өз бийлигин бекемдөөгө умтулушат.

Немис журналисти египеттик активисттин бетине кислота чачкыла деп үндөп жатат. Ливандагы гезит сириялык качкын үй-бүлөлөрдү Бейруттагы таштанды кризиси силердин кесепетиңерден болду деп айыптап жатат. Бирок бул кризиске алардын эч кандай тиешеси жок. АКШ президенти жектөөчүлүккө шыкак берип, мусулмандардын өлкөгө келишине тыюу салган басмырлоочу чечимин актоо үчүн социалдык желелердеги  жалган, зыяндуу, сенек көз караштагы кеп-сөздөрдү кайталап келет.

“ChallengeHate” – бул АРТИКЛЬ 19дун бардык адамдар үчүн теңдик шартында укуктарды коргоо, мунун ичинен пикир айтуу эркиндигине болгон укугун коргоо максатында, кайда гана болбосун, бардык түрлөрдөгү, “кастык тилине” каршы күрөш жүргүзүүгө багытталган долбоору.

Жалпы бардыгы үчүн мындан да инклюзивдүү дүйнөнү чогуу куруу үчүн бизге кошулгула. Мындай дүйнөдө жалпы адамзат коомубузда көп түрдүүлүккө колдоо көрсөтүлөт, адамдар пикирин эркин айтуу укугун тоскоолдуксуз колдонуп, сабырсыздыкка жол берилбейт.

Сөздүн кудурети күчтүү. Сөз ачуу же наадандык менен айтылса, анда ал бөлүнүп-жарылган жана кооптуу дүйнөгө алып келет.

Бирок сөздөр бизге дем берип, коомубузду жакшыртууга шыктандырышы да мүмкүн.

Пикирин эркин айтуу маселелери менен алектенген уюм катары АРТИКЛЬ 19 адамдын негизги укуктарынын бири болгон пикир айтуу эркиндигин коргойт. Биз пикирлер менен мамилелерди калыптандырып, өкмөттөрүбүздү жоопкерчиликке чакырышыбыз керек.

Бирок пикир айтуу укугу чексиз болбойт.

Пикир айтуу эркиндигине болгон укук өзгөчө жагдайларда башка адамдардын укуктарын коргоо же башка “коомдук дөөлөттөрдү” (мисалы, улуттук коопсуздукту) сактоо максатында чектелиши мүмкүн. Калктын аялуу катмарын басмырлоодон, зомбулуктан коргоо үчүн, мисалы, эң олуттуу “кастык тилин” колдонууга чек коюлушу ыктымал.

Биз өкмөттөр пикир айтуу эркиндигине болгон укукту чектөө жагынан өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, мисалы, “кастык тилине” каршы кыянат пайдаланбашы үчүн ал чектөөлөрдүн мыйзамдарда так, даана жазылышын, коомдун бакубатчылыгына кызмат кылышы үчүн, ар кандай эле жазалар өлчөмдөш жана адилеттүү болушу үчүн иш жүргүзөбүз.

Көптөр “кастык тилин” укканда айырмалай билебиз дешет. Бирок дайым эле айырмалашабы? Куранга же Библияга социалдык желеде күмөн санаган пикир айтуу – бул  “кастык тилиби”? Мектепте “чет өлкөлүктөр – арамдар” деп үйрөтүлгөн балдарды кантебиз? Саясий митингде качкындарды өлкөдөн кууп жибериш керек деп чакыргандардычы?

Жек көрүүчүлүккө каршы таасирдүү күрөш жүргүзүп, анын кесепеттерин биротоло токтотуш үчүн “кастык тили” дегенди баарыбыз бирдей түшүнүүбүз зарыл.