Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченем деген эмне?

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченем жалпы укуктар менен эркиндиктердин негизинде адамдарга берилүүчү укуктарды түзөт. Ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык ченем өкмөттөргө ушул укуктарды урматтоо, коргоо жана аткаруу боюнча тийиштүү милдеттенмелерди тагат.

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдин негизги булактары төмөнкүлөр:

Адам укуктарынын негизги принциптерин белгилеген документтерге кошумча катары, адам укуктары боюнча мыйзам эки башкы келишимдин негизинде андан ары өнүктүрүлгөн:

АУЖД, ЖСУЭП, ЭСМУЭП адам укуктары боюнча эл аралык негизги документтер болуп эсептелет жана алардын баары биригип адам укуктары боюнча эл аралык биллди түзөт.

Өкмөттөр биргеликте конкреттүү укуктар боюнча конвенцияларды иштеп чыгуу жана ага кол коюу менен адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерин кеңейтишти:

Укук тууралуу эл аралык билль жана адам укугу боюнча негизги конвенциялар адам укугу жаатындагы мыйзамдардын негизин түзсө, декларациялар, жетектөөчү жоболор жана принциптер ар дайым адам укугу жаатындагы эл аралык мыйзам ченемдерин чечмелей турган БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңеши (АУК) сыяктуу жерлерде кабыл алынатМисалы, АУКтун 16/18 резолюциясына кол коюу менен, өкмөттөр сабырсыздыкка жана кастык тилине байланышкан адам укуктары боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө милдеттенишкен.

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченем – өкмөттөргө таңууланган система эмес, тескерисинче, ал эл аралык коомчулук тарабынан иштелип чыккан. Мамлекеттер бул милдеттенмелерге өз ыктыяры менен БУУнун мүчөлүгү (башкача айтканда, Устав жана АУЖД) аркылуу, ошондой эле конкреттүү келишимдерге кол коюу  аркылуу кошулушкан (б.а. ЖСУЭП, АБЖК ж.б.).

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдер тарабынан адам укуктары универсалдуу түрдө корголгону менен, бул убада дүйнө жүзүндө азырынча толугу менен жүзөгө ашырыла элек. Ошондуктан адам укуктары боюнча мыйзамдар толук аткарылып, өкмөттөр өз милдеттенмелерин аткарышы үчүн олуттуу иштер талап кылынат.