Долбоор тууралуу

Журналисттер, жарандык коом жана эл аралык коомчулук кабарлагандай, Кыргызстанда жек көрүүчү маанайда айтылган риторика (“кастык тили”) көбөйдү. Бул айрыкча Интернетте журналисттерге карата онлайн куугунтуктоо жана опузалоо түрүндө байкалууда, бирок жарандык коомдун өкүлдөрү, юристтер жана саясий талапкерлер да бутага алынган учурлар аз эмес. Мындан тышкары, “кастык тили” жөнүндө жоболорду камтыган Кыргызстандын мыйзамдары сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт жана өлчөмдөш болбогон санкциялар менен чектөөчү чараларды караштырат.

Бул сайт АРТИКЛЬ 19дун #ChallengeHate өнөктүгүнүн алкагында орус жана кыргыз тилдерине которулуп, Кыргызстандагы жагдайды чагылдырат. Тексттин түп нускасы АРТИКЛЬ 19дун Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы ишинин жүрүшүндө даярдалган, мындан улам анын арабча котормосу да бар.

#ChallengeHate – бул Кыргызстандагы Медиа Диалог долбоорунун алкагында АРТИКЛЬ 19дун өнөктүгү. Бул өнөктүк “кастык тилине” байланышкан эл аралык стандарттар жөнүндө, ошондой эле аларды “кастык тилин” аныктоо үчүн кантип колдонсо болору, ага каршы оң натыйжалуу чараларды кантип көрсө болору тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Европа Биримдиги каржылаган Медиа Диалог долбоору беш уюмдан турган консорциум тарабынан ишке ашырылууда. Алар: Демократия үчүн Вестминстер фонду, Медиа Полиси Институту, АРТИКЛЬ 19, Европалык жергиликтүү демократия бирикмеси жана консорциумдун башында турган Демократия үчүн европалык өнөктөштүк.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен которулду. Анын мазмуну үчүн АРТИКЛЬ19 гана жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө элечагылдыра бербейт.