Сөз эркиндигине болгон укук кайсы учурларда чектелиши мүмкүн?

Өкмөт мамлекеттеги жарандардын баарынын укуктарын коргоого милдеттүү. Касташууга, басмырлоого же зомбулукка, ошондой эле геноцидге же адамзатка каршы башка кылмыштарга үндөгөн "кастык тилинин" кыйла катаал түрлөрүнө мыйзам тыюу салышы зарыл.

Сөз эркиндиги чоң мааниге ээ, андыктан мамлекет ага карата кандай гана чектөөлөр болбосун, анын ичинде “кастык тилине” коюлган чектөөлөрдү дагы негиздөөгө тийиш. Адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерде эмнелерди айтууга болору жана болбой тургандыгы гана белгиленбестен, сөз эркиндигине коюлган бардык чектөөлөрдү актоо үчүн мамлекеттер сактоого тийиш делген так критерийлер бекитилген. Бул критерийлер чектөөнүн 1) мыйзамдуу экендигин, 2) мыйзамдуу максатты көздөгөнүн жана 3) зарылдыгын жана өлчөмдөштүгүн баалоо үчүн үч бөлүктүү тесттен түзүлгөн текшерүүдөн турат.

Үч бөлүктөн турган тест

1.   Мыйзамдуулук

Чектөөлөр жеткиликтүү мыйзамдарда так жазылышы керек. Бул адамдардын өз жүрүм-турумун тийиштүү деңгээлде жөнгө салууга жөндөмдүү болушу үчүн мыйзамдарды түшүнүүсүнө кепилдик берет.

Бул мыйзамдарда сөз эркиндигин чектөө боюнча мамлекеттик кызмат адамдарына берилген ыйгарым укуктары бир кылка чечмеленерин билдирет. Мыйзамдар түшүнүктүү болсо, мамлекеттик кызмат адамдарынын иш-аракетин чектейт. Ошентип, аларга жакпай калса же макул болбосо эле өз оюн билдирүүгө каршы өзүм билемдик менен кызмат абалынан кыянат пайдалануу ыктымалдыгы азаят.

2.   Мыйзамдуу максат

Чектөөлөр эл аралык ченемдерде бекитилген бир нече кууш нуктуу максаттардын бирин көздөшү керек. Буга башкалардын укугун, мисалы, жашоого болгон укугун же коомдук тартипке, улуттук коопсуздукка болгон укуктарын коргоо кирет.

Динди же ишенимди кемсинткендиги, же бийликтеги адамдарга шек келтиргендиги үчүн эле пикир айтууну чектөө мыйзамдуу максат болуп эсептелбейт.

3.   Зарылдык жана өлчөмдөштүк

Чектөөлөр зарыл болууга тийиш. Демек, “кастык тилине” чек койгондо, өкмөт жеке адамдын же адамдардын тобунун өз укуктарын бирдей негизде жүзөгө ашыруусуна реалдуу коркунуч бар экендигин жана кеп-сөздөрдү чектөө мындай зыяндын алдын алуунун эң аз чектөөчү ыкмасы экенин көрсөтө алышы керек.

Чектөөлөр өлчөмдөш болушу керек; “кастык тилин” камтыган бир макалага же веб-сайттагы сүрөткө жооп катары бүтүндөй веб-сайтты жаап салуу өлчөмдөш болбойт.

“Үч бөлүктөн турган тестке” жооп бербеген чектөөлөр сөз эркиндигинин укугун бузат.

Зыяндын оордугу

"Кастык тилин" оордугуна жараша категорияларга бөлүү

Адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерде “кастык тилинин” бардык көрүнүштөрү жиктөө жана басмырлоо жаатында кооптонууну жаратса да, аларга мыйзам тарабынан тыюу салынбашы керектиги айкын көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, адам укуктары боюнча эл аралык ченемдер мамлекеттер тыюу салууга милдеттүү болгон өзгөчө жагдайларды аныктоо менен “кастык тилинин” эң оор түрлөрүн бөлүп көрсөтөт.

Кемсинтүү маанисиндеги “кастык тилинин” жана мамлекеттен мыйзамдуу чараларды көрүүнү талап кылуунун (мисалы, адамга кылмыш ишин козгоо же айып пул салуу) ортосундагы чекти ажырата билүү абдан зарыл.

Төмөндө берилген пирамида “кастык тилин” оордугуна жараша төрт деңгээлге бөлүп, адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерге ылайык кандай жооп иретиндеги чаралар туура келерин аныктоого жардам берет.

ТЫЮУ САЛЫНУУГА ТИЙИШ (Геноцид кылмышынын алдын алуу жана ал үчүн жазага тартуу жөнүндө конвенция / Рим статуту)

Бул деңгээл бизге тыюу салынууга тийиш болгон кастык тилин көрсөтөт. Эл аралык кылмыш укугу мамлекеттерден геноцидге үндөөгө тыюу салууну талап кылат. Геноцид кылмышын алдын алуу жана аны жазалоо жөнүндөгү Конвенциянын 2-беренеси “геноцидди” “улуттук, этностук, расалык же диний топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу максаты” катары белгиленген беш иш-аракеттин биринин жасалышы катары аныктайт. 3-берененин с) пункту “геноцидге түздөн-түз жана эл алдында чакырык жасоого” тыюу салат.

Мисалдар

ТЫЮУ САЛЫНУУГА ТИЙИШ (ЖСУЭПтин 20-беренесинин 2-пункту)

Бул категорияга тыюу салынууга тийиш болгон, өтө оор түрдөгү “кастык тили” кирет. ЖСУЭПтин 20 (2)-беренеси мамлекеттерден кастыкты, басмырлоону же зордук-зомбулукту пайда кылган басмырлоочу жек көрүүчүлүктү үгүттөөгө тыюу салууну талап кылат.

Мисалдар

ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН (ЖСУЭПтин 19-беренесинин 3-пункту)

Бул деңгээл бизге “тукуруу” маанисин камтыбаса да, бирок баары бир олуттуу зыян келтирүү ыктымалдыгы бар “кастык тилин” көрсөтөт. Бул категориядагы “кастык тили” жеке адамга же адамдардын тобуна тигил же бул категорияга таандык болгондугу үчүн түздөн-түз зомбулук коркутууларын камтышы мүмкүн (башкача айтканда, аны айткан адам башкаларды зордук-зомбулукка түртпөйт, бирок аны өзү жасайм деп коркутат).

ЖСУЭПтин 19 (3)-беренесине ылайык, эгерде чектөөлөр “үч бөлүктөн турган тесттин” критерийлерине жооп берсе, өкмөт “башкалардын укугун коргой турган” пикирлерди жана “коомдук тартипти” чектей алат.

Мисалдар

КОРГОЛУУГА ТИЙИШ (ЖСУЭПтин 19-беренеси)

Мыйзамдуу түрдөгү “кастык тили”. Буга басмырлоочу кеп-сөздөр, анын ичинде кемсинтүүчү жана уяткаруучу, бирок жеке адамдарга зыян келтирип, түздөн-түз коркутпаган жана жек көрүүчүлүккө чакырбаган, башкаларды жеке жактарга зыян келтирүүгө шыкактабаган сөздөр кирет.

Пикир айтуунун бул түрү Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 19-беренесинин 2-пункту менен корголгон. Бирок мындай кеп-сөздөрдү чагылдырган басмырлоочу мамилелер жиктөөгө тийиштүү кооптонууну жаратып, мамлекеттен мурункудай эле жооп талап кылууда. Анткен менен, мындай реакция башка чаралар, мисалы, билим берүү аркылуу же мамлекеттик кызмат адамдары өз оюн билдиргендерди жазалаган мыйзамдар менен эмес, жек көрүүчүлүккө каршы чыгып сүйлөшүн камсыздоо саясаты аркылуу жүзөгө ашырылышы керек.

Мисалдар

Examples


Өлкөнүн бир бөлүгүн аймактык көзөмөлгө алган белгилүү куралдуу топтун лидери Интернеттеги видеотасмалар аркылуу коомчулукка тез-тез кайрылып турат. Ал эми куралдуу топ диний ишенимдерден улам өздөрүнүн артыкчылыгына ишенүү менен түздөн-түз теократияны түзүүгө умтулуп келет. Өлкөдө мыйзамдуулук өз күчүн жоготуп, мамлекеттик кызматтар иштебей калгандыктан, лидер Интернеттеги бир катар видеотасмалар аркылуу бул көйгөйлөр үчүн диний азчылыктардын тобун айыптоого аракеттенүүдө. Ал азчылык тобу ишти үзгүлтүккө учуратып, зордук-зордукчул көтөрүлүштү мерчемдеп жатат деген ойду кыйытып келет. Аймакта башаламандык күчөп бараткандыктан, жарыяланган видео жаңыдан пайда болуп жаткан мамлекеттин “таза” келечегин камсыздоо үчүн “дин тутунгандарды” токтоосуз иш-аракеттерди жасоого үндөйт. Ал көчөлөрдү диний азчылыктын, айрыкча эркектердин каны менен “жууп тазалоого” чакырып, тилектештерине азчылыкты түзгөн аялдардын укум-тукуму көпчүлүк тутунган динге өтүүсү үчүн аларды сексуалдык кулчулукка алуу тагдыры күтөрүн айтып, кайрылуу жасап жатат.

Мындай сценарий Геноцид тууралуу конвенция жана эл аралык кылмыш укугу деп аталган Рим статуту тарабынан тыюу салынган геноцидге үндөөнү ачык эле сыпаттап турат. ЖСУЭПтин 20 (2)-беренесинин талаптарынан тышкары, мындай тукуруунун натыйжасында геноцидди жасоого атайын ниети болгондугуна далилдер талап кылынат. Бул учурларда ниеттенүүнүн өзү эле чоң мааниге ээ, анткени аны айткан адамдын расалык, улуттук же диний топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылууга алып баруучу геноцидге үндөөгө ниеттенгендиги далилдениши керек. Сөз ээсинин лидерлик абалы жана таасир этүү деңгээли, ошондой эле анын акыркы видеороликтердин мазмунуна айкалыштырылган диний тазалык жөнүндөгү баяны, өз аймагындагы диний азчылыкка каршы геноцид жасоого ачыктан-ачык ниеттенгендигин күбөлөндүрүп турат.

Examples


Президенттик шайлоону утурлай, учурдагы президент чоң митингдерде бир нече жолу чыгып сөз сүйлөйт. Ушул митингдердин жүрүшүндө ал оппозициянын тарапташтары, негизинен башка этникалык топтордун өкүлдөрү куралданып, анын тарапташтарына коркунуч туудуруп жатат деген ушак кепти таратат. Тирешүү курчуп баратканда, ал өлкөдө ондогон жылдар мурун болуп өткөн массалык кыргынды эске салган расисттик сөздөрдү колдонуп, “убакыт келди” деп, өз тарапташтарын шайлоодогу жеңишке жетүү үчүн чукул чараларды көрүүгө үндөйт.

Бул жерде президент “кастык тилин” колдонуу менен зордук-зомбулукка үндөгөн жек көрүүчүлүктү үгүттөөнүн чегине чейин жеткен. Ал коомдогу этникалык чыңалууну түшүнүп туруп, андан пайдаланып жатат, ошондой эле этникалык топтордун ортосундагы буга чейинки чыр-чатактар эмнеден чыкканын да билет. Ал таасирдүү саясатчы катары, эмоция менен айыптап жаткан учурда бул конкреттүү терминдерди колдонуу аудитория тарабынан зомбулукка түздөн-түз чакырык катары кабыл алынарын билет. Көрүүчүлөр анын сөздөрүнө ылайык иш-аракет жасаарын, оппозициялык партия менен байланышы бар этникалык топтун өкүлдөрүнө каршы зордук-зомбулук көрсөтүп, ал тургай өлтүрүп коёрун дагы жакшы түшүнөт. Зордук-зомбулук жасалдыбы же жокпу, мындай кеп-сөздөр үчүн жазык чараларынын колдонулушу толугу менен туура.

Examples


Качкындардын үй-бүлөсү бир нече орунду ээлеп, автобуста жол жүрүп бара жатат. Дагы бир жүргүнчү орун жоктугуна абдан нааразы болуп, качкындарды мамлекеттик ресурстарды жок кылууда деп айыптай баштады. Андан соң өздөрүнө кол салган учурда коопсуздугунан чочулаган качкындардын үй-бүлөсүн кемсинтүү үчүн расисттик кеп-сөздөрдү айтып, үй-бүлөнүн атасына акарат келтирет.

Көпчүлүк өлкөлөрдө коомдук тартип мыйзамдары башкаларды атайылап коркуткан, айрыкча бул кол салуудан улам коркууну пайда кылган жүрүм-турумдарга тыюу салат. Эгерде айыптуу жиктеп (мисалы, расисттик негизде) бөлүүнү көздөгөн болсо, көбүнчө мыйзамдар мындай иш-аракеттерди олуттуу кылмыштардын катарына кошот. Айрым учурларда жек көрүүчүлүк боюнча мыйзамдар мындай бейбаштыкка тыюу дагы салышы мүмкүн.

Коомдук транспорттогу адепсиз сөздөр жазык жосуну катары бааланбаса да, адамдарды коркутуп жана өздөрүнүн коопсуздугунан тынчсызданууга мажбурлаган учурда, чектөөлөр ЖСУЭПтин 19-беренесинин 3-пунктуна ылайык акталууга тийиш. Бирок ар кандай санкциялар чени менен болушу зарыл. Абалдын оордугуна жараша, полиция тарабынан бериле турган расмий эскертүү, жапа чеккендерге кенемте төлөп берүү же коомдук жумуштарды аткаруу буйругу түрмөгө кесүүгө караганда бир кыйла ылайыктуу. Өкмөттөр жасай турган, мисалы, “кастык тилине” жана коомдук транспортто бейбаштык кылууга каршы үгүт жүргүзүү жолу менен мындай зыяндын алдын алуучу бир катар чаралар бар.

Тыюу салынууга тийиш болгон мындай жүрүм-турум менен “тукуруу” маанисин камтыган жек көрүүчүлүктү үгүттөөнү айырмалай билүү зарыл. Анткен менен, оозеки коркутуу жана кол салуу айрым учурларда тукуруу сыяктуу эле олуттуу болушу мүмкүн, мында тиешелүү контексттик факторлор ар башкача каралышы керек. Качкындардын үй-бүлөсүнө байланыштуу жагдайга келсек, мында чагымчылдык кылган адамдын сөздөрүнүн угуучуларга (автобустун башка жүргүнчүлөрүнө) тийгизген таасир деңгээли тынчсыздануу жаратпай тургандай эле, башка жүргүнчүлөрдүн анын сөзүнө кирип качкындарга карата зомбулук кылышы ыктымал эмес.

Examples


Суфийлердин мечитиндеги жардыруудан соң, ал жерден бир нече жүз чакырым алыстыкта жайгашкан шаардагы өспүрүм “Фейсбуктагы” баракчасына курмандыктар суфийлердин салтын карманганы үчүн “ушуга татыктуу” деп билдирүү калтырган.

Өспүрүмдүн жүздөгөн “достору” бар эле жана бул билдирүү эки тараптын тең кызуу талкуусуна жол ачты; колдонуучу саясатчы же коомдук лидер эмес.

Бир катар өлкөлөрдө мындай билдирүү террордук чабуул жасоо ниетин көздөбөсө жана ал мүмкүн болбосо дагы, “кастык тили” жөнүндөгү мыйзамдар же антитеррордук мыйзамдар бул өспүрүмдү куугунтукка алуу үчүн жаңылыштык менен колдонулушу мүмкүн. Бул кеп-сөздөр кемсинтүүчү жана “кастык тили” катары эсептелгенине карабастан, өкмөт чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болгондо, бул кеп-сөздөрдүн контексти “тукуруу” чегине шайкеш келиши күмөн. “Фейсбук” өзүнүн шарттарына ылайык комментарийди алып салышы ыктымал, бирок мыйзам боюнча ал муну жасоого милдеттүү эмес.

Зордук-зомбулукка чакырууну тыюу салууга баа берүү

Басмырлоого, кастыкка же зордук-зомбулукка тукуруу бул үч субъект кирген “кастык тилинин” өзгөчө бир түрү болуп эсептелет:

  • “жек көрүмчүл кеп-сөздөрдү колдонуу”;
  • басмырлоо, кастык же зомбулук актыларына катышуусу мүмкүн болгон коомдук аудитория;
  • жана ушул иш-аракеттердин курмандыгы болуп калышы мүмкүн болгон максаттуу топ.

Алты бөлүктөн турган тест

Тыюу салуу үчүн басмырлоого же зордук-зомбулукка тукуруу кандай учурда кыйла олуттуу деп саналаарын билүү үчүн алты бөлүктөн турган юридикалык тестти колдонууга болот.

“Кастык тилин чектөө” викторинасы

1-cуроо
Эмне үчүн өкмөттүн кастык тилине карата чектөөлөрү ар дайым кууш жана так аныкталышы керек?
A
Бул жүйөлүү сын айтуу же башкача ой жүгүртүү жосуну кастык тилине айланбашы үчүн жасалат.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
B
Адамдар жүрүм-турумун жөнгө салуу үчүн мыйзамдарды түшүнүшү керек.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
C
Өтө катуу чектөөлөр киргизилгенде, жалган пикирлерге жана басмырлоого каршы жүйөлөрдү колдонуп күрөшүү мүмкүнчүлүгү көз жаздымда калышы мүмкүн.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
D
Жогоруда саналгандардын баары туура.
2-cуроо
Тест 19-берененин 3-бөлүгүндөгү кастык тилине коюлган чектөөлөрдүн кууш жана так аныкталышын камсыздайт. Үч бөлүктөн турган тест үчүн кайсы критерийлер керек?
A
Бардык чектөөлөр так белгиленип, мыйзамда каралган болушу керек.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
B
Алар башкалардын укугун коргоо сыяктуу жүйөлүү максатты көздөшү керек.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
C
Алар демократиялык коомдо зарыл болушу керек; бул реалдуу коркунучтун бар экендигин жана чектөө зарыл да, өлчөмдөш да экенин өкмөт көрсөтө алууга тийиш дегенди билдирет.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
D
Жогоруда белгиленгендердин бардыгы туура.
3-cуроо
Эмне үчүн кастык тилине карата чектөөлөрдү кылдат колдонуп, конкреттүү контекстти эске алуу менен киргизүү керек? Туура деп эсептеген жооптордун баарын белгилеңиз.
A
Тыюулар көбүнчө абдан кеңири туюнтулгандыктан, бийликтегилерди мыйзамдуу сын-пикирлерден коргоо максатында колдонулушу мүмкүн
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
B
Ашыкча тыюулар азчылыктардын үнүн угузбай коюшу ыктымал.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
C
Сүйлөп жаткан адамдар ойду же талкууну демилгелегиси келсе да, алар зыян келтирүүнү дагы каалайт деп жаңылыш божомол жасалып калышы көбүрөөк ыктымал.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
D
Сүйлөп жаткан адамдын таасири туура эмес бааланып калышы көбүрөөк ыктымал.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
E
Көзөмөлдүн өтө катуулугу биздин маалымат издөө, алуу жана берүү укугубузду чектейт.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
F
Жогоруда белгиленгендердин бардыгы туура.
4-cуроо
Эмне үчүн кастык тилине каршы жазык жазасынан жарандык санкциялар таасирдүүрөөк болот? Туура деп эсептеген жооптордун баарын белгилеңиз.
A
Жарандык же административдик чаралар жабырлануучунун муктаждыктарын канааттандырууга, ал эми жазык чаралары кылмышкерлерди жазалоого багытталат.
B
Бул андай эмес. Укук бузгандарды жазык санкциялары менен жазалоо – бул адамдарды кастык тилин колдонуудан сактоонун мыкты жолу.
C
Жарандык чаралар өз ичине: жабыркагандарга кенемте төлөө, эл алдында кечирим суратуу, айып пул салуу жана жабырлануучуларга түзөлүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана жооп кайтаруу укуктарын камтыйт.
D
Жазык санкциялары кастык тилинин келип чыгышынын түпкү себептерин жоюуга мүмкүнчүлүк бербейт. Эгерде биз бир кыйла тең укуктуу жана адилеттүү коомдо жашоону кааласак, анда түрмөгө отургузуу менен эле чектелбестен, басмырлоого жана сабырсыздыкка каршы күрөш жүргүзүшүбүз керек.
4-cуроо Түшүндүрмө: 
Эгерде анча катуу эмес нааразычылыктар көздөгөн натыйжага жетсе, кылмыш-жаза мыйзамдарына кайрылууга жол бербөө керек. Кылмыш жазалары акыркы чара катары, эң оор учурларда гана берилиши керек.
Толтура турган 4 суроо бар.
List
Return
Shaded items are complete.
1234
Return