Эгер сиздердин өкмөт сын сөздү “кастык тили” деп тапса, эмне болот?

Кээде өкмөттөр сын айттырбоо жана жоопкерчиликтен качуу үчүн “кастык тили” терминин кыянат пайдаланат.

Пикир айтууну тыюучу же чектөөчү мыйзам чыкканда ал иш жүзүндө конкреттүү жана түшүнүктүү болушу кажет. Болбосо өкмөттөр башкача ойлонгондорду адилетсиз түрдө басып салуу үчүн улуттук коопсуздук, кудайга акарат келтирүү, террорчулук же жек көрүүчүлүккө каршы мыйзамдарды кыянат пайдаланышы мүмкүн.

Өкмөттү сындаганы же анын иш-аракеттерине каршы чыкканы үчүн эле башкача ойлонууну эч качан кастык тили деп баалоого болбойт. Мындай сөздөрдү айтуу укугу дайым корголушу керек.

Пикир айтуу эркиндиги кантип баарлашканыбызга эле эмес, демократиянын иштешине да тиешеси зор негизги адам укуктарынын бири болуп саналат. Бул өкмөттүн эмне кылып жатканын билип, эркин ой жүгүртүшүбүз жана бийликтен жоопкерчиликти талап кылышыбыз үчүн зарыл.

Мыйзамдарды өркүндөтүү, инклюзивдүү коомду түзүү, экономикалык жана социалдык өсүшкө жетүү үчүн маселелерди ачык-айкын талкуулоо чоң мааниге ээ.

Пикир айтуу эркиндигинин таасир чөйрөсү көп сандаган пикирлерди жана идеяларды, атүгүл айрым адамдар үчүн өтө орой сезилсе да, айтып турууга жол бергидей кенен болууга тийиш. Жек көрүүчүлүк коркууга, наадандыкка жана маалыматтын бурмаланышына байланыштуу жаралат. Ошондуктан ага каршы жабыркаган топтогулар менен тилектеш болуп, жүйөлүү жана даана ойлорду айтуу аркылуу гана күрөшүү мүмкүн.

Пикир айтууга көзөмөл орнотууга шашпастан, биз өкмөткө эмнелерди айтуу же айтпоо укугубузду тескешине өтө ашыкча ыйгарым укукту билип-билбей берип коюудан абайлашыбыз керек.

Цензура боюнча ыйгарым укуктарды кеңейткен соң аларды кайра чектеш кыйын болот да, кыянат пайдаланылышына жол ачылып калат. Мисалы, бийликке жеткен расачыл демагог мындай мыйзамдарды теңдик менен адилеттикти жактагандарга каршы колдонушу ыктымал. Ошондо бийликтегилер башка ойлонгондор менен оппозицияны кылмышкер деп, адам укуктарын да буза берет.

Цензура көбүнчө жек көрүүчүлүктүн түпкү себептерин жоюуга анча жакшы мүмкүнчүлүк бербейт да, коомдогу ынтымакка жана теңдикке өбөлгө түзбөйт. Цензура, ага байланышкан жазык куугунтугу адамдардын пикирин жана маанайын өзгөрткөн учурлар өтө аз кездешет. Андан көрө социалдык жиктешүүнү жоюуга багытталган алгылыктуу чаралар менен коштолуучу билим берүү алда канча таасирдүү болот. Цензура кутумчулук теориясын актоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондо ачык талкууга катыша албагандар көмүскө иштер менен алектенүүгө аргасыз болот. Ал эми соттук териштирүүлөр расачылдарды элге “чындык үчүн күйгөн” кишилердей көргөзүшү ыктымал.

Кандай кеп-сөздөр кастык тилине дегеле тиешеси болбойт?

Акарат келтирген сөздөр

“Кастык тили” адамдарды ким экенине карай эле акарат келтирет, ошондуктан көпчүлүк аны “акарат кеп” деп эсептейт.

Бирок эмнени акарат деп кабыл алуу негизинен субъективдүү мамилеге жараша болот. Башкача айтканда, ага ар ким өзүнүн жекече, кайталангыс тажрыйбасына таянуу менен жооп кылат. Жекече, эмоциялуу кабылдаганда, каалагандай кырдаал кишини таарынтышы мүмкүн. Ошондуктан муну “кастык тилинин” таасирин билдирүүчү термин деп түшүнүүгө болбойт. Мисалы, кимдир бирөө өзү түшүнбөгөндүктөн эле искусство чыгармасын акарат мааниде деп ойлошу же өзүнүн баалуулуктарына, ынанымдарына же жүрүм-турумуна туура келбеген көрүнүш катары жактырбашы ыктымал.

Ошондуктан “акарат” кеп-сөздөрдү тыюуга багытталган ар кандай мыйзамдар өтө кеңири, атүгүл корголууга тийиш болгон сөздөргө каршы да колдонулушу мүмкүн.

Ушул себептерге байланыштуу өкмөт чектей турган кеп-сөздөр катары  “акарат” сөздөрдү аныктоодо этияттык керек. Мамлекеттик кызмат адамы өзүнүн саясатын сындаган сөздөрдү же шайлоого аттанган талапкер “расачыл” же жыныстык маселелер боюнча жек көрүмчүл деген айыптоолорду акарат деп санашы мүмкүн. Бул кишилер мыйзамды өздөрүн сындагандарга, атүгүл теңдикти жактаган укук коргоочуларга да каршы колдонушу ыктымал.

Эгер мыйзамдар азчылыктар менен арасат абалдагы топторду басмырлоодон жана зомбулуктан коргосун десек, анда “акарат” кептерди тыюучу мыйзамдар кабыл алынбашы кажет. Бизге кыянатчылыктан коргонуу үчүн кыйла кууш жана так маанидеги терминдер менен аныкталуучу мыйзамдар керек.

Сатира

Сатира башка адамдардын көз карашын же иш-аракеттерин ашкерелеш үчүн юмор, какшык, тууроо, апыртуу же мыскыл сыяктуу каражаттарды колдонуу менен жаралат.

Мисалы, расачыл көз караштардын акылга сыйбастыгын айгинелеп, андай адамдарды сындоо үчүн расачыл жүйөнү туурап көрсөтүүгө болот. Сатира татаал маселе боюнча талаш-тартышты курчутуу жана адамдарды өздөрүнүн сенек көз карашын жакшыраак талдашы үчүн атайын акарат мүнөздө жасалышы мүмкүн.

Сатиранын көптөгөн түрдүү максаттары болот. Сүйлөгөн (жазган) кишинин мүдөөсүн түшүнүү, ошондой эле аны уккандардын кандай кабылдашы мүмкүн экенин билүү айрыкча маанилүү. Адегенде “кастык тилиндей” көрүнгөн сөздөр кайсы саясий жана маданий өзгөчө конкреттүү жагдайга тиешелүү экенине, кылдат кырларынын эске алынышына жараша сатира болуп чыгышы мүмкүн.

Бирок бул сатира эч качан “кастык тили” болбойт дегенди билдирбейт. Биз ушундай же башкача деп тыянак чыгарганга чейин кеп-сөздүн мазмунун эле эмес, эмнеге байланыштуу жана кандайча айтылганын да эске алуубуз зарыл.

Каралоо

“Каралоо”, “сыйлабоо”, “заар чачуу” же “жалаа” түшүнүктөрү кээде “кастык тили” менен чаташтырылат.

Каралоо жөнүндөгү мыйзамдар, адатта, жеке адамдардын кадыр-баркын жалган кептерден коргоого багытталат. Каралоого тиешелүү соттук доолор жеке жактын “жек көрүүчүлүктү” үгүттөгөндүгү үчүн айыптабайт, демек, муну “кастык тилинен” айырмалоо кажет.

Мындан тышкары, жеке адамдар тобунун каралануусуна байланыштуу юридикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө келгенде, алардын жекече кадыр-баркы болбостугун же соттук териштирүү максатында субъект катары чыга албастыгын эске алуу керек.

Кудайга акарат келтирүү же “диндерди каралоо”

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдер идеялар менен диний ишенимдерди эмес, адамдарды коргойт. Эл аралык укукка ылайык, ой жүгүртүү, дин тутуу же ынанымын жактоо эркиндигине болгон укук айрым адамдарга таандык, ал диндерди же ынанымдарды сындан же көзөмөлдөн калкалабайт.

Ошондуктан пикир айтуу эркиндигине болгон укук диндерди жана аларга байланышкан идеяларды, символдорду коргоо, же болбосо динге ишенгендердин сезимдерин акараттан же сындан коргоо үчүн чектелбеши керек.

Эгер “кастык тилин” аныктоо үчүн зарыл шарттарга (“Бирок кастык тили деген эмне?” бөлүмүн караңыз) шайкеш келбесе, “кудайга акарат келтирүү” же “диндерди каралоо”, “динди акарат кылуу” тикелей эле “кастык тили” деп эсептелбеши кажет. Мындай кеп-сөздөр тыюу үчүн эң жогорку чектерге туура келбесе, цензураланбашы же тыйылбашы керек (“Оордук чеги” бөлүмүн жана биздин 6 бөлүктүү тестти караңыз).

Азчылыктардын өз пикирин же талаштуу ойлорду айтуусуна жол бербей, жазалап туруу үчүн кудайга акарат келтирүүгө чектөө киргизилсе, ачык-айкын талкууга жана пикир алмашууга тоскоолдук жаралат. Бул диндер аралык жана дин ичиндеги баарлашууга, ошондой эле диний башчыларды сындоого, диний агымдар менен ишенимдерге карата пикир айтууга кедерги болот.

Бийликтегилер көбүнчө башкача ойлонгондорго каршы туруу, сынчыларды жазалоо жана жоопкерчиликтен качуу үчүн “кудайга шек келтирди” деген айыптоону кеңири мааниде колдонот.

Кудайга шек келтирүүнү чектөө көбүнчө диний азчылыктардын жана атеисттер менен динчил эместердин ой айтуусуна бөгөт коюу үчүн колдонулат.

Пикир айтуу эркиндигине болгон укук да, дин же ынанымга болгон эркиндик укугу да плюрализмди урматтоо жана басмырлабоо принцибине негизделет.

Плюрализм зарыл, анткени бир адамдын диний ынанымы башка адамга же тескерисинче акаратчыл көрүнүшү мүмкүн. Бир системадагы ынанымдарды башкасынан өйдө койгондо, мыйзам боюнча да, адеп боюнча да Кудайга шек келтирбе деген шылтоо азчылыктардын дини менен ынанымдары басмырланып калат.

Тарыхый окуяларды жокко чыгаруу

Көп өлкөлөрдө көбүнчө катаал куугунтук, тукум курут же эл аралык укуктун башкача бузулушу менен байланышкан тарыхый окуялардын болгондугун жокко чыгаруучу ар кандай кеп-сөздөрдү тыюучу “эс тутум жөнүндө мыйзамдар” бар.

Көп учурда жокко чыгаруу жабыркагандардын жана алар менен байланышкан адамдардын кадыр-баркына тикелей доо келтирет. Ал көбүнчө жабырлануучулардын өздөрү эле уюштурган же жасалмалаган деген кутумчулук теориясын колдойт да, аларды басмырлоону актайт же муну уланта бергенге шыкактайт. Эс тутум жөнүндө мыйзамдар көбүнчө мыкаачылыктын кайталануусуна жол бербеш үчүн, ушундай басмырлоого каршы күрөшүү аркылуу да чара көрүү максатында кабыл алынат.

Бирок адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык, тарыхый окуяларга байланышкан чындык тууралуу дооматтар корголгон эмес. Пикир айтуу эркиндигине болгон укук жаатындагы эл аралык стандарттар өтө орой болсо да, “жалган” экендиги же “чындыкка туура келбегендиги” үчүн эле пикир же идеяларды айтуу эркиндигин чектөөгө жол бербейт.

Чындыкты жигердүү талкуу жана иликтөө, атаандаш дооматтарды тастыктаган далилдерди табуу жана өз баркына баа берүү аркылуу гана кыйла ишеничтүү айгинеленет.

Тарыхый кайсы бир окуянын дайыма эле кайталана берген бир гана чечмеленишине таянып,  ачык-айкын жана фактыларга негизделген жүйөлөр четке кагыла берсе, чындык жөнүндөгү кайсы бир ырастоолор догма даражасына көтөрүлүп, аларды коргоо милдети мамлекетке жүктөлүп калат.

Мындай чаташуу мыйзамдар тарыхый окуяларды жокко чыгарууга эле эмес, аларды ар кандайча “жупунулаштыруучу”, “баркын төмөндөтүүчү”, “актоочу” же “даңазалоочу” кеп-сөздөрдү да тыйганда даана байкалат. Анткени мындай терминдер адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде аныкталган эмес жана аларды кыянат пайдаланууга бөгөт коюлган эмес.

Бирок тарыхый окуяларды жокко чыгаруу жосуну жабырлануучуларга жана аларга байланышкан башка адамдарга карата жек көрүүчүлүктү жайылтуу каражаты катары колдонулса, муну кастык тили менен теңештирүүгө болот. Мындай түрдөгү кеп-сөздөр зомбулукка же басмырлоого шыкактаган деңгээлге чыккан үгүт болгондо тыюу керек.

Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдер жеке адамдын илгерки окуялар тууралуу пикирлерин же “чындыкты билгенин” эмес, анын укуктарын коргойт.

Террордук иш-аракеттерге жана зордукчул экстремизмге тукуруучулук

Мамлекеттердин террорчулуктун алдын алуу боюнча күч-аракетине байланыштуу “террорго тукуруу”, “зордукчул экстремизм” жана “радикалдашуу” түшүнүктөрү кээде “кастык тили” менен чаташтырылат.

Террорчулук жана мамлекеттин жооп чаралары пикир айтуу эркиндигине тиешелүү кооптонууга себеп болушу ыктымал. Айрым адамдар террордук чабуулга кабылып, кол салуучулар адамдардын тилин тыюу максатында коркутуп-үркүтүп жаткан чакта мамлекеттердин террорчулукка карата чаралары пикир айтуу эркиндигинин өтө катуу чектелишине алып келет.

“Террорчулуктун” да, “террордук иш-аракеттердин” да адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык жалпы кабыл алынган аныктамасы жок.

Бирок адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык, мамлекеттер террорчулукка тукурган жосундарды тыюуга милдеттүү. “Кастык тилине” тийиштүү болгондой эле, улуттук коопсуздукту коргоо үчүн киргизилүүчү чектөөлөр АЖУЭПтин  19(3)-беренесинде туюнтулган үч бөлүктүү критерийге шайкеш келиши керек (караңыз: ЧЕКТӨӨЛӨР).

Йоханнесбург принциптеринде улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептелген пикирлердин айтылышы кайсы учурларда чектелери кенен чечмеленген: Мамлекеттер:

  1. бул кеп-сөздүн зомбулукка апкелбей койбостугун;
  2. ушундай зомбулукка түрткү бериши ыктымалдыгын;
  3. туюнтулган пикир менен зомбулуктун келип чыгышынын же ушундай ыктымалдыгынын ортосунда тикелей байланыш бар экенин көрсөтүшү керек.

“Кастык тилинен” башкы айырмачылыгы – террордук зомбулук  басмырлоочу жек көрүүчүлүктү үгүттөө аркылуу козутулуп жатканын же зомбулук адамдардын конкреттүү тобуна алардын ким экенине байланыштуу эле багытталганын көрсөтүү зарылдыгы жок. Дайыма болбосо да, террордук зомбулук көбүнчө адамдарды тандабай кырууга же жабыркатууга багытталат.

Пикир айтуу эркиндигине тиешелүү маселелер террордук иш-аракеттерди же аларга байланышкан “экстремизмди” жана “радикалдашууну” “актоо”, “колдоо” же “даңазалоого” болгон тыюуну камтыган кеп-сөздөрдүн алда канча кеңири категорияларын чектөө үчүн “улуттук коопсуздукка” негизденген учурларда келип чыгат. Бул тыюулар үчүн зомбулукка тукуруучулук ниетин же пикирдин айтылышы менен зомбулуктун келип чыгышынын ортосунда себеп-натыйжа байланышынын бар болгонун далилдөө талап кылынбайт.

Мындай кеңири тыюулар укук ченемдүү саясий талкууларды тыюу үчүн; террордук кол салууларга жана аларга жооп иретине мамлекеттин көргөн чаралардын майнаптуулугуна жана ылайыктуулугуна карата азчылыктардын пикирлерин же расмий кабыл алынган көз караштан айырмаланган пикирлерин тыюу үчүн туш келди эле колдонула бериши ыктымал. Же атүгүл коомдун кызыкчылыктарына тиешелүү көптөгөн башка маселелер боюнча пикирлерди чектөөгө багытталышы да мүмкүн. Мунун баары сабырсыздыкка каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттердин өнүмдүүлүгүнө терс таасир этиши ыктымал. Айрыкча азчылыктар же арасат топтогулар мындай мыйзамдар алардын саясий көз караштарын айтышына тоскоолдук кылуу үчүн колдонулуп жатканын байкаганда ушундай болот.

Ал эми террорчулук жана ага жооп катары өкмөттүн көргөн чаралары тууралуу талаш-тартыштар көбүнчө шайкештик маселелерине тиешелүү болот. Террордук иш-аракеттерге тукуруучу же террорчулукту жактаган кеп-сөздөр басмырлоочу мүнөздө болушу ыктымал. Мисалы, террордук кол салууну актагандар тутунган динине же ынанымына, жынысына, улуттук тегине байланыштуу жабыркагандарды жек көрөрүн билдириши мүмкүн.

Өкмөттүн террордук иш-аракеттерге жооп чаралары басмырлоого байланыштуу тынчсызданууну жаратып, теңдик менен сабырдуулукка залал келтириши ыктымал. Тутунган динине же кайсы өлкөдөн келгенине карап эле бүтүндөй бир топтогу адамдарды террорго байланыштырган саясат жүргүзүлүшү да мүмкүн. Сапарга чыгууну тыйган же токтотуп тинткен басмырлоочу ушундай саясатты колдогон жек көрүмчүл кеп-сөздөр да “кастык тилине” теңештирилиши мүмкүн.

“Цензура экстремизмге каршы эффективдүү жооп эмес. Ачык-айкын жана сынчыл талкуулар пикир айтуу эркиндигине жасалуучу дайымкы кысымды жана анын башкы себептерин жоюуга багытталуучу ар кандай стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Сөздөрдү ашыкча эле кылмыштуу деп айыптай берген жосун тынчсызданган учурларды жана алардын себептерин айтпай, жаап-жашырууга, нааразылыктын күчөп, зомбулуктун келип чыгышына алып келиши ыктымал”.

– Бириккен Улуттар Уюмунун жана пикир айтуу эркиндиги жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн “пикир айтуу эркиндиги жана чыр-чатактуу кырдаалдарга жооп кылуу” жөнүндө биргелешкен декларациясы.

“Мамлекетти” жана мамлекеттик кызматкерлерди коргоо

Мамлекеттер өз дарегине, мамлекеттин желегине жана башка символдоруна, бийлик башындагыларга карата айтылуучу сын пикирлерди каралоо же атүгүл тыйып салуу үчүн “кастык тили” деген айыпты көп колдонушат.

Кээ бир улуттук мыйзамдар абстрактуу түшүнүктөрдү “акарат келтирүүгө” же “каралоого” тикелей тыюу салса, башка мамлекеттердин мыйзамдары “козголоңго шыкактоого” же “улуттук биримдикке” же “улуттук ынтымакка” каршы келген кеп-сөздөргө ачакей мааниде тыюу салып жатат.

Бирок бул субъекттер “кастык тилинин” объекти болушу мүмкүн эмес, анткени алар адам эмес, демек бул мааниден алып караганда укуктары жок.

Анын үстүнө, мамлекет башчылар жана башка расмий кызматкерлер саясий оппозиция тарабынан сындалып, сын пикирлерге башкаларга салыштырмалуу кыйла сабырдуу мамиле жасай билиши кажет.

Пикир айтуу эркиндиги “улуттук коопсуздукту” же “коомдук тартипти” коргоо үчүн чектелиши мүмкүн болсо да, бул жүйөлөр сын көз карашты же башкача ойлонуу укугун басып салуу үчүн, бийликтегилерди уялуудан коргоо үчүн же укукка каршы иш-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн колдонулбашы керек.

Йоханнесбург принциптеринде мындай айтылган:

Эч ким улутту, мамлекетти же анын символдорун, өкмөттү, мамлекеттик мекемелерди, мамлекеттик же коомдук ишмерлерди, ошондой эле чет өлкөлүк улуттарды, мамлекеттерди же алардын символдорун, мамлекеттик же коомдук ишмерлерин сындагандыгы үчүн эле (эгер бул сын же акарат кеп зордукчул иш-аракеттерге тукурбаса же ушундай жосунга түрткү болбосо) жазаланбашы керек.

Кеп-сөздөрдү же сын пикирлерди кеңири тыюу же цензуралоо көбүнчө мыйзамдуу башкача ойлонуу укугун чектеп, бийликтегилерди өз милдеттерин жана убадаларын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн жоюп салышы ыктымал.

Пикир айтуу эркиндиги

1-cуроо
Пикир айтуу эркиндигине болгон укук канткенде баарыбызга пайдалуу болушу мүмкүн? Туура деп эсептеген жооптордун баарын белгилеңиз.
A
Идеяларыбызды жана башка маалыматтарды ээн-эркин алмаша алганыбызда, биздин билимибиз тереңдейт. Мунун пайдасы биздин жамааттарга жана коомго да тиет.
Ишара: :
Кыйытма: Дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү! Пикир айтуу эркиндиги өзүн-өзү башкарган коомдор үчүн өтө зарыл.
B
Карама-каршы пикирлерди укканда гана биз өзүбүздүн жана бири-бирибиздин оюбузду жакшы түшүнөбүз.
Ишара: :
Кыйытма: Дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү! Пикир айтуу эркиндиги өзүн-өзү башкарган коомдор үчүн өтө зарыл.
C
Эркиндик өтө көп болсо, коркунучтуу. Коомчулуктун көргөн-уккандарын тескеп туруу керек, анткени адамдарга ишенүүгө болбойт.
Ишара: :
Кыйытма: Дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү! Пикир айтуу эркиндиги өзүн-өзү башкарган коомдор үчүн өтө зарыл.
D
Суроолор жана талаш-тартыштар алгылыктуу саясатты иштеп чыгууга, демек, кыйла туруктуу коомду курууга өбөлгө түзүшү ыктымал.
Ишара: :
Кыйытма: Дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү! Пикир айтуу эркиндиги өзүн-өзү башкарган коомдор үчүн өтө зарыл.
E
Жогоруда айтылгандардын баары туура.
Ишара: :
Кыйытма: Дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү! Пикир айтуу эркиндиги өзүн-өзү башкарган коомдор үчүн өтө зарыл.
2-cуроо
Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укукту кайсы учурларда чектөөгө же жөнгө салууга болот?
A
Ар кандай акарат же орой кеп-сөздөргө чек коюлушу керек.
Ишара: :
Дагы бир ирет ойлонуп көрүңүз. Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укугубуз чексиз эмес. Ал өзгөчө жагдайларда чектелиши мүмкүн. Бирок орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү чектегендин ордуна биз алардын түпкү себептерин жоюшубуз керек.
B
Бир киши башка адамдын зомбулуктан жана басмырлоодон эркин болуу укугун жокко чыгарганда тыюу керек.
Ишара: :
Дагы бир ирет ойлонуп көрүңүз. Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укугубуз чексиз эмес. Ал өзгөчө жагдайларда чектелиши мүмкүн. Бирок орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү чектегендин ордуна биз алардын түпкү себептерин жоюшубуз керек.
C
Адамдарды ким экенине карай басмырлаган кеп-сөздөрдү чектеш керек.
Ишара: :
Дагы бир ирет ойлонуп көрүңүз. Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укугубуз чексиз эмес. Ал өзгөчө жагдайларда чектелиши мүмкүн. Бирок орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү чектегендин ордуна биз алардын түпкү себептерин жоюшубуз керек.
D
Пикир айтуу эркиндиги адам укуктарынын бири болуп саналат, аны эч качан, эч кандай кырдаалда чектөө мүмкүн эмес.
Ишара: :
Дагы бир ирет ойлонуп көрүңүз. Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укугубуз чексиз эмес. Ал өзгөчө жагдайларда чектелиши мүмкүн. Бирок орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү чектегендин ордуна биз алардын түпкү себептерин жоюшубуз керек.
E
Саясий бийликке умтулган адамдар жек көрүмчүл кеп-сөздөрдү өздөрүнүн саясий мүдөөлөрү үчүн колдонушуна тыюу салыш керек.
Ишара: :
Дагы бир ирет ойлонуп көрүңүз. Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укугубуз чексиз эмес. Ал өзгөчө жагдайларда чектелиши мүмкүн. Бирок орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү чектегендин ордуна биз алардын түпкү себептерин жоюшубуз керек.
F
Жогоруда айтылгандардын баары туура.
Ишара: :
Дагы бир ирет ойлонуп көрүңүз. Биздин пикир айтуу эркиндигине болгон укугубуз чексиз эмес. Ал өзгөчө жагдайларда чектелиши мүмкүн. Бирок орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү чектегендин ордуна биз алардын түпкү себептерин жоюшубуз керек.
3-cуроо
Пикир айтуу эркиндигин ашыкча чектеген жосун бизге кандай зыян келтириши мүмкүн?
A
Ал адамдардын жана коомдун билимдерди алышына, бул аркылуу чындыкты аңдап билишине тоскоолдук кылат.
Ишара: :
Сенин айтканың бир чети туура. Дагы кандай оюң бар?
B
Өкмөттөр улуттук коопсуздукка шылтоолоп коомчулуктан эң орчундуу маалыматтарды жашырып коюшу мүмкүн.
Ишара: :
Сенин айтканың бир чети туура. Дагы кандай оюң бар?
C
Эгер өкмөткө суроо берүүгө тыюу салынса, биз бийликтегилерди сындай да, убадасын аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тарта да албайбыз.
Ишара: :
Сенин айтканың бир чети туура. Дагы кандай оюң бар?
D
Акарат келтирүү, орой же басмырлоочу кеп-сөздөрдү тыйып салсак эле сенек көз караштардын, наадандыктан жана басмырлоонун башкы себептери жоюлуп калбайт.
Ишара: :
Сенин айтканың бир чети туура. Дагы кандай оюң бар?
E
Биз туш келген маселелер татаал. Эгер идеяларыбызды жана маалыматтарды ээн-эркин алмаша албасак, анда туура жолду табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калабыз.
Ишара: :
Сенин айтканың бир чети туура. Дагы кандай оюң бар?
F
Жогоруда айтылгандардын баары туура
Толтура турган 3 суроо бар.
List
Return
Shaded items are complete.
123
Return

Мамлекеттер жөнүндө викторина

1-cуроо
Өкмөттөр кастык тили жөнүндөгү мыйзамдарды кандайча кыянат пайдаланышат? Туура деп эсептеген жооптордун баарын белгилегиле.
A
Өкмөттөр сын пикирлерди басып салуу жана жоопкерчиликтен качуу үчүн козголоңго тукуруу, кудайга акарат келтирүү, улуттук коопсуздук же террорчулукка каршы күрөш жөнүндөгү бүдөмүк жазылган мыйзамдарды пайдаланышат.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
B
Башкача ой жүгүртүүнү көбүнчө кастык тили деп туура эмес аташат да, туруктуулукту сактайбыз деген шылтоо менен цензуралашат.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
C
Өкмөттөр коомдук адеп-ахлакты же тартипти арасат топтогуларды басмырлоодон жана зомбулуктан коргоо зарылдыгынан жогору коюшат.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
D
Жогоруда айтылгандардын баары туура.
2-cуроо
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык, өкмөттөрдүн кастык тилине байланышкан кандай милдеттенмелери бар?
A
Жалпыга бирдей теңдик менен басмырлоосуз саясатты камсыздоо үчүн өкмөттөр басмырлоого жана наадан көз караштарга каршы күрөшүү саясатын жүргүзүшү керек.
B
Өкмөттөр өздөрүн жоопко тартууга тоскоолдук кыла турган “козголоңго тукуруу” сыяктуу мыйзамдарды жокко чыгарышы керек.
C
Өкмөттөр көз карандысыз жана сынчыл пикирлерди айткандарга кол салып, жазаланбай калуучу жосундарды тыйышы керек.
D
Өкмөттөр коомдогу адеп-ахлакты жеке жарандардын укуктарынан жогору коюшу керек.
E
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык, мамлекеттер өз жарандарын зомбулуктан жана басмырлоодон коргоого милдеттүү.
2-cуроо Түшүндүрмө: 
Улуттук коопсуздук же коомдогу адеп-ахлак эч качан адамдарды басмырлоодон жана зомбулуктан коргоо менен айкалышпоого тийиш.
3-cуроо
Мамлекеттер кастык тилине каршы кандай алгылыктуу саясий чараларды көрсө болот?
A
Лидерлер жана саясатчылар дайыма кастык тилине жана сабырсыздыкка (жиктөөчүлүккө) каршы турушу керек.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
B
Өкмөттөр полиция, жана сот кызматкерлери, куралдуу күчтөрдөгү, медицинадагы жана башка мамлекеттик кызмат адамдары үчүн теңдик маселелери боюнча даярдыкты камсыздашы зарыл.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
C
Өкмөттөр жалпыга маалымдоо каражаттарында плюрализмди жана теңдикти камсыздап турушу зарыл.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
D
Мамлекеттер бардык деңгээлдердеги билим берүү мекемелеринде сенек көз караштарды жана тайкы түшүнүктөрдү жоюуга, имиш кептерди жокко чыгарууга шарт түзүшү зарыл.
Ишара: :
Сенин айтканың бир жагынан туура. Дагы кандай оюң бар?
E
Жогоруда айтылгандардын баары туура.
Толтура турган 3 суроо бар.
List
Return
Shaded items are complete.
123
Return