Жек көрүүгө кантип каршы чыга алабыз?

"Кастык тили" зыяндуу, жарабайт, андыктан мүмкүн болушунча көбүрөөк чагылдыруу жолу менен ага каршы чыгышыбыз керек.

Көбүнесе “жек көрүү” сезиминин түпкү себеби – адепсиздик жана түшүнбөстүк. Бизге сапаттуу билим берүү, жигердүү ачык дебаттар үчүн мүмкүнчүлүктөр, коомдогу бардык катмарлардын, айрыкча арасат болуп калуучу топтордун үнүн жакшыраак угуза алгыдай ар түрдүү жана плюралисттик жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу сыяктуу чаралар керек. Биз адамдарга саясатчылар коомду бөлүп жаруу үчүн жек көрүүчүлүктү кантип колдонорун үйрөтүшүбүз зарыл; биз мындай тактикага каршылык көрсөтүү жана нааразычылык билдирүү дараметин арттырышыбыз керек.

“Кастык тилин” цензуралоо менен дебаттарды жабуу жек көрүүчүлүктүн жана басмырлоонун түпкү себептерин аныктоого мүмкүндүк бербейт. Цензура жек көрүү чакырыктарына жакын адамдардын жүрөгүн жумшартып, аң-сезимин өзгөртүшү ыктымал жана жек көрүүчүлүктөн жабыркоочуларды коргой алышы күмөн.

“Кастык тилинин” эң катаал түрлөрүн чектеп коюу гана жетишсиз болот. Бардык адамдар ар түрдүүлүк жана айырмачылык шартында чогуу жашай алышы үчүн өкмөт тарабынан жасалуучу иш-аракеттер бардыгын камтып, жаңычыл мүнөздө болушу керек. Арасат топторду жек көрсөтүү аракеттерин жетиштүү тыюу үчүн бизге ачык-айкын, отчёт берүүгө милдеттүү өкмөттөр жана эркин, көз карандысыз маалымат каражаттары керек.

Биз эмне кыла алабыз?

Биз жеке адамдар катары да, топтор катары да жек көрүүчүлүккө каршы туруу жана жакшы коом куруу үчүн көп нерселерди жасай алабыз.

Эгерде биз өзүбүздүн маалымдуулугубузду жана уюштуруучулугубузду жогорулата алсак, анда теңдикти илгерилетүү үчүн жана жек көрүү менен басмырлоого каршы туруу үчүн сөз эркиндигине болгон укуктарыбызды колдоно алабыз.

Жек көрүүчүлүк менен күрөшүү үчүн баяндамаларды түзүү

Сөз эркиндиги – бул идеяларды жана пикирлерди алмашуу аркылуу билимдерди топтоо. Ачык талаш-тартыштар жана талкуулар үчүн мейкиндиктин болушу бири-бирибизди түшүнүүгө, бизди өз ара бириктирип жана айырмалап турган уникалдуу нерселерди баалоого мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда кээ бир адамдар пикир айтуу эркиндигин топтор тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн жана басмырлоого, зордук-зомбулукка алып келиши мүмкүн болгон ишенбөөчүлүктү, түшүнбөстүктү жаратуу үчүн колдонушат. Мындай кеп-сөздөр, тилекке каршы, популисттик мүнөзгө ээ болушу да мүмкүн. Алар көбүнчө оор маселелерди опоңой чечүү жолу катары адамдар коркуп, айыптай турган топторду көрсөтүп коюшат. Анан жалпы таарыныч, жектөө сезимине берилген үстөмдүк кылуучу топтогуларды коопсуз болуу үчүн биримдикке чакырышат.

Жазык укугуна жана жазага таянып иш алып баруу жек көрүмчүл кеп-сөздөргө жооп катары алардын түпкү себептери менен натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Адамдарды түрмөгө камоо же айып пул салуу менен алардын оюн өзгөртүү мүмкүнбү? Мунун таасирдүүлүгү аз, атүгүл мындай чаралар тескери натыйжа бериши да ыктымал. Бул иш-чаралар жек көрүүчүлүккө кабылгандардын абалын жакшыртат деген далилдер дагы жокко эсе.

Тескерисинче, ар кандай топтордун ортосунда байланыш түзүү жана тажрыйба алмашуу демилгелери көбүрөөк убакытты жана инвестицияларды талап кылганы менен алар шектенүүнүн ордуна түшүнүү жана ишенимди тартуулай алат. Өкмөт тарабынан коомдук талкуу цензура катары катуу көзөмөлгө алынган коомго салыштырмалуу ачык дебаттар өтүүчү инклюзивдүү коомдор жек көрүмчүл кеп-сөздөргө анча алдырышпайт.

Жек көрүүчүлүккө каршы ой-пикирди ачык айтуу

Кайсы жерде болбосун, “кастык тилине” күбө болсоңуз, ага каршы чыгып, башкаларды да үндөңүз. Көрүнүктүү саясатчылар жана башка коомдук ишмерлер да жек көрүүчүлүккө каршы чыгышы үчүн аларга кысым көрсөтүп, буга кайдыгер карагандарды сындап турушу зарыл.

Эч кандай каршылык көрсөтүлбөсө, жек көрүүчүлүк оңой эле жайылат. Бул боюнча өз пикириңизди ачык айтканыңыз – жек көрүү жана басмырлоо менен макул эместигиңизди көрсөтүүнүн абдан маанилүү жолу. Бул жек көрүүчүлүккө кабылгандарга, ой-пикирин ачык билдире албагандарга тилектештик көрсөтүүнүн дагы таасирдүү ыкмасы болуп калмак. Жек көрүүчүлүк менен күрөшүү басмырлоодон жапа чеккен адамдардын үнүн угууга эң жакшы өбөлгө түзүп берер эле.

Угуу, суроо берүү жана конструктивдүү иштешүү

“Кастык тилине” катышкан же аны тараткан адамдарга алардын туура эмес ойлонгонун же сабатсыз экендигин айтсак, алар коргоно башташы мүмкүн. Минткенде адамдардын аң-сезимин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөйт. Тескерисинче, адамдардын өз идеяларына мындан дагы катуу ишенип, жек көрүүчүлүктү жайылтуу ниетин ого бетер бекемдеши ыктымал.

Жек көрүүчүлүккө каршы турганда аша чаппаш керек. Адамдар эмне үчүн мындай пикирди жактайт, сүйлөшүү жолу менен жана жаңы идеяларды, маалымат булактарын тааныштыруу аркылуу алардын бул көз карашын, тайкы түшүнүгүн өзгөртүүгө болобу?, – деген суроолорду берүүгө умтулуңуз. Ырас, бул машакаттуу ишке сабырдуулук керек, оңунан чыкпай калышы да ыктымал. Бирок мындан башка жолдор көбүрөөк зыян келтириши мүмкүн.

Маалыматты сынчыл иргеп пайдалануу

“Кастык тили” кандайча таасир этерин, ага кимдер жана кандай максатта катышарын билип алыңыз. Алар маалыматты кайдан алышат жана ал маалымат ишенимдүүбү?

“Кастык тилине” каршы күрөшүүдө маалыматты сынчыл маанайда колдонуу абдан маанилүү. Маалымат булактарына, айтылган маалыматтын тактыгына жана ага түрткү бериши мүмкүн болгон бир жактуулукка канчалык шектенүү менен карасаңыз, басмырлоочу көрүнүштөрдү ошончолук натыйжалуу анализдеп, алар тууралуу билдире аласыз.

Талкууларга жакшы маалымат топтоп катышып жатканыңызга ынануу үчүн, коомдогу башка адамдар маалыматты кантип алаарын жана алардын тайкы пикирлерин же бир жактуулугун кантип түшүнүүгө болорун билүү үчүн ар кандай маалымат булактарын салыштырып чыгуу абдан маанилүү. Алар угуп жаткан жалгыз маалымат каражаты мамлекеттин карамагында экендигин, ал эми маалыматка сын айткан журналисттер иштен айдалганын билишеби? Кайсы бир баяндамачы ашкере оңчул топтор менен байланышта экендигин алар билишеби?

Адам укугунун коргоочусу болуу

Өкмөттү жек көрүүчүлүккө каршы турган жана адам укуктары менен сөз эркиндигин толук коргогудай мыкты мыйзамдарды жана саясатты иштеп чыгууга чакырыңыз.

Жамааттардын ортосундагы ажырымдарды жоюу, теңдикти жайылтуу жана басмырлоого каршы туруу максатында айрыкча жергиликтүү деңгээлде жарандык коомдун топторун түзүңүз же аларды колдоого алыңыз.

Социалдык тармактарда адамдар менен байланыш түзүп, алар менен түз эле иштешип, тең укуктуулукту колдоо демонстрацияларына катышыңыз.

Жек көрүүчүлүккө күбө болгон учурларда диний, саясий же коомдук лидерлериңизди жек көрүүчүлүккө каршы сүйлөөгө, ал тууралуу айтууга, сабырсыздыкка каршы күрөшүүгө багытталган иш-чараларга катышууга жана ынтымакка колдоо көрсөтүүгө чакырыңыз.

Өкмөттөн көз карандысыз, өзү сунуштаган аянтчадагы адамдардан плюралисттик жана түркүн көз караштары менен айырмаланган жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү өнөктүгүнө катышыңыз. Медиа платформаларда сын айткандардын же азчылыктын үнү эмне үчүн жок экендиги сизге бул көйгөйдү кандайча чечүүнүн үстүндө ойлонууга түрткү бериши керек.

Бул жек көрүүчүлүктүн түпкү себептерине каршы турууга жана ар түрдүүлүккө үндөгөн күчтүү коомду түптөөгө жардам берет.

Сак болгула жана үмүтүңөрдү үзбөгүлө

Кээ бир өлкөлөрдө жарандык коом үчүн мейкиндик абдан чектелип, өз пикирин билдирүү ушунчалык саясатташтырылгандыктан, адам укуктарын коргоо багытындагы иш-аракеттер сиз үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Теңдикке жана адам укуктарына каршы турган топтор мыкаачы, коркунучтуу болушу ыктымал. Коомдогу адилеттүүлүктү жактап чыгуу да татаал, өзүн актабаган иш, ал эми өзүңө кам көрө билүү туруктуу өнүгүүнүн ачкычы болушу да мүмкүн.

Коопсуз жашоо абдан маанилүү. Сиз өз иш-аракеттериңиздин (мисалы, нааразылык акциясына катышуу) таасирин өзүңүздүн коопсуздугуңуз менен, ошондой эле айланаңыздагы адамдардын коопсуздугу менен тең салмакта кармашыңыз керек. Кыйын учурларда колдогон топтун болушу өтө маанилүү. Эгер сиз кайсы бир уюмда иштесеңиз, анда санариптик жана өз коопсуздугуңузду коргоого даяр болушуңуз кажет, анткени бир нерсе болуп кетсе, коопсуздукта иштөө үчүн зарыл жардамды алышыңыз керек. Нааразылык акцияларында кантип коргонуу керектиги жөнүндө АРТИКЛЬ 19дун колдонмосун караңыз.

Биздин өкмөттөр эмне кылышы керек?

Өкмөттөр баарыбыздын өнүгүп-өсүшүбүзгө жана укугубуздун корголушуна жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жооптуу.

Теңдикти жана басмырлабоо салтын жайылтуу, сөз эркиндигин коргоо үчүн өкмөттөр кабыл алууга тийиш болгон көптөгөн позитивдүү чаралар бар. Өкмөттөрдү ал чараларды кабыл алууга үндөө үчүн алгач алардын эмне экендигин түшүнүп алышыбыз керек.

Саясат жүргүзүү боюнча сунуш кылынган чаралар жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү маалыматтарды карап чыгыңыз.

1. Сөз эркиндиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү

Мыйзамдарды жокко чыгаруу же реформалоо

“Кастык тилине” натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча кандай гана стратегия болбосун, сөз эркиндигин жөнсүз чектеген, айрыкча азчылыктарга же арасат топторго багытталган же аларга өлчөмдөш эмес түрдө таасир эткен мыйзамдарды жокко чыгарууну же реформалоону камтышы керек. Мамлекеттер төмөндөгүлөрдү жокко чыгарууга тийиш:

Кудайга акарат келтирген мыйзамдардын бардык түрлөрү;

  • “мамлекеттүүлүк” же улуттук биримдик деген абстрактуу түшүнүктөрдү коргогон бардык мыйзамдар, анын ичинде мамлекетти, анын институттарын же символикаларын сындан же шылдыңдан (“козголоң” сыяктуу) коргогон жоболор;
  • Каралоону кылмышка байланыштыруучу бардык мыйзамдар, анын ичинде мамлекеттик кызмат адамдарын жана мамлекет башчыларын кемсинтүүдөн же шылдыңдан коргогон мыйзамдар;
  • “Коомдук адеп-ахлак” деген өтө эле кеңири түшүнүктөрдү жайылткан же жыныстык, гендерлик шайкештик же сексуалдык багыты боюнча басмырлоо максатында “салттуу баалуулуктарды” коргогон бардык мыйзамдар;
  • Каршылык билдирүү үчүн уруксатты талап кылган мыйзамдар же өз бетинче тыюу салган же каршы нааразычылыктар – анткени мындай мыйзамдар адамдардын зордук-зомбулукка жана сабырсыздыкка, анын ичинде “кастык тилине” байланышкан жаңжалдарды тынчтык жолу менен натыйжалуу жана жамааттык түрдө жооп кайтаруусуна тоскоол болот;
  • Биригүү эркиндиги үчүн басмырлаган, керексиз же ашыкча тоскоолдуктарды бекиткен мыйзамдар, айрыкча ресурстардын жеткиликтүүлүгүн чектөө жоболору жарандык коом уюмдарынын басмырлоого жана зордук-зомбулукка жигердүү түрдө мониторинг жүргүзүү жана жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн чектейт;
  • Терроризм же “экстремизм” менен күрөшүү боюнча кеңири чечмеленүүчү мыйзамдар, сөз эркиндигине карата кандай гана чектөөлөр болбосун улуттук коопсуздуктун чыныгы кызыкчылыктарын жана басмырлоодон же азчылык топторду бөлөктөөдөн коргоо үчүн кууш мааниде туюнтулушун камсыздоо үчүн керек.

Көз карандысыз жана сын айткан адамдарга кол салууларды жазасыз калтырууну токтотуу

Ошондой эле мамлекеттер көз карандысыз жана сын айткан адамдарга каршы кол салууларды жазасыз калтырууну токтотуу үчүн бирдиктүү күч-аракет жумшашы керек болот. Көптөгөн коомдордо сабырсыздыкка жана басмырлоочу зомбулукка каршы чыгуу айрым адамдардын, алардын кесиптештеринин жана үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн. Пикир айтуу эркиндигин билдирген адамдарга карата коркутуулар же башка зомбулуктарды жана ушул сыяктуу кылмыштарды жазасыз калтыруу бүткүл коомго кооптуу кесепеттерди алып келген актуалдуу көйгөй болуп саналат.

Мамлекеттер сөз эркиндигин пайдаланган адамдарга каршы жасалган ар кандай кол салуулардын сөзсүз түрдө айыпталышын, мамлекеттик кызмат адамдарынын мындай чабуулдарды колдоп же кубаттаган кеп-сөздөрдөн алыс болушун кепилдеши керек.

Атап айтканда мамлекеттер төмөнкү иш-аракеттерди аткарууга тийиш:

  • Айткан сөзү үчүн куугунтукка кабылышы ыктымал болгон адамдарды коргоо үчүн атайын чараларды киргизүү;
  • Сөз эркиндигине каршы кылмыштардын көз карандысыз, ыкчам, натыйжалуу тергелип, сот жообуна тартылышына кепилдик берүү;
  • Сөз эркиндигине каршы кылмыштардан жабыркагандардын тийиштүү укук коргоо каражаттарына ээ болушун камсыз кылуу.

Ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана маалымат алуу укугуна кепилдик берүү

Мамлекеттер иш жүргүзүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылып, бардык адамдардын маалыматка жетүү укугуна кепилдик бериши зарыл. Маалыматты алуу укугунан ажыраткан кызматтык сыр өңдүү көрүнүш таасирдүү адамдарга өздөрүнүн аракеттеринен же саясий ийгиликсиз иштеринен коомчулукту алаксытышы үчүн азчылыктарды же арасат топторду “садага чабуу” мүмкүндүгүн берет. Тескерисинче, ачык-айкындык маданияты жана маалыматтын эркин агымы, саясий жактан алып караганда, топтук шайкештикке тышкарыдан таасир этүү аракеттеринин натыйжалуулугун төмөндөтөт; ошондой эле мындай бөлүнүп-жарылуу аракеттерине каршы туруу үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат алууга мүмкүндүк берет. Ачыктык жана отчёттуулук коомдун бардык тармактарында мамлекеттик институттарга болгон ишенимди күчөтө алат. Демек, айрым адамдардын жана топтордун зордук-зомбулуктун ээнбаш түрлөрүнө азыраак чалдыгышына өбөлгө болуп берет.

Интернетте эркин пикир айтуу укугун коргоо

Мамлекеттер санарип технологиялардын контекстинде да сөз эркиндигине болгон укуктун толук корголушун да камсыз кылышы шарт. Санариптик технологиялар абдан маанилүү каражат, бирок ал азчылыктарга жана арасат топторго өз ара иштешүү, жамааттарды куруу, колдоо издөө жана аларды тынчсыздандырган маселелер, анын ичинде чыдамсыздыкка каршы жана “кастык тилинде” иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Бирок кээ бир мыйзамсыз же зыяндуу жактары бар Интернет желеси аркылуу берилген контенттин көлөмүнө байланыштуу, өкмөттөргө жана жеке компанияларга онлайн контентти көзөмөлдөөнү күчөтүү талабы курч коюлуп жатат. Ал талаптарга Интернет колдонуучулардын купуялыгына тыюу салуу же көмөктөшүү чакырыктары, ошондой эле ортомчулардын контентти жакшыраак көзөмөлдөп, зыяндууларын алып салып турушун камсыздоо жана/же бул тапшырманы аткарбаганы үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу сунуштары кирет. Бул чаралар Интернеттин ой-пикир жана идея алмашуу табиятына доо кетирип, ошондой эле “кастык тилин” ачыкка чыгаруу жана ага каршы туруу үчүн чыгармачыл мейкиндикти чектөө коркунучун пайда кылышы дагы ыктымал.

Буга байланыштуу, АРТИКЛЬ 19 мамлекеттерге төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • Интернетте купуялык укугун сөз эркиндигинин маанилүү компоненти катары коргоо жана жеке ишканаларды өз кызматтарын пайдалануучулардын жашыруун болушун ишеничтүү камсыздоого үндөө;
  • үчүнчү жактар тарабынан ​​түзүлгөн контент үчүн ортомчуларга жоопкерчилик жүктөлбөшүн жана сот бийлигинин буйругу менен гана контенттин чектелишин камсыз кылуу;
  • жеке жактар колдонуучулардын укуктарына жөнсүз кийлигишкен учурда Интернет колдонуучуларын бекем укук коргоо каражаттары менен камсыздоо.

2. Теңдикке жана басмырлоого жол бербөө укугун толук коргоону камсыз кылуу

Бардык мыйзамдарды жана саясатты жокко чыгаруу

Басмырлоону жана адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдер тарабынан таанылган корголуучу негиздердин кайсынысын болбосун четтетүүнү расмий же бейрасмий түрдө институтташтырган бардык мыйзамдарды жана саясатты жокко чыгаруу. Алардын болушунун өзү эле басмырлоо көз жумдуга салынган же кубаттоого алынган чөйрөнүн пайда болушуна шарт түзөт.

Басмырлоого каршы мыйзамдарды кабыл алуу же күчөтүү

Басмырлоого каршы мыйзамдарды кабыл алуу же күчөтүү керек, айрыкча, мындай мыйзамдардын жок дегенде буларды шартташын камсыздоо зарыл:

  • Тикелей, башкача айтканда, одоно басмырлоодон; ушундай кырдаалда башкаларга жасала турганга салыштырганда корголуучу мүнөздөмөсү бар адамга жасалуучу мамиледен коргошу керек;
  • Кыйыр түрдөгү басмырлоодон, башкача айтканда, бейтарап эреже, критерий же практика корголуучу мүнөздөмө менен аныкталуучу топко таасир эткенде, ушуга окшош кырдаалда башкаларга салыштырмалуу кыйла терс таасирин тийгизер иш-аракеттен коргошу керек;
  • Кыйыр басмырлоого каршы күрөшүү жана иш жүзүндө теңчиликти камсыз кылуу үчүн убактылуу атайын чараларды, эгерде мындай чаралар зарыл жана өлчөмдөш болсо, аны кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
  • Басмырланган жек көрүүчүлүк жана иш-аракеттер үчүн ыктымал негиздер катары адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде таанылган корголуучу мүнөздөмөлөрдүн кеңири спектрин камтуу;
  • Конкреттүү контексттерде, анын ичинде жумушка орношуу; социалдык камсыздоо жана социалдык жөлөк пулдарды алуу; билим алуу; товарлар жана кызмат көрсөтүү; турак жай; сот адилеттигине жетүү; жеке жана үй-бүлөлүк жашоо, анын ичинде нике; саясий жашоого аралашуу, анын ичинде сөз эркиндиги, биригүү жана чогулуу эркиндиги; жана укук коргоо ишмердиги камтылган түркүн жааттарга кеңири колдонуу;
  • Жекече мамиле объективдүү түрдө талаптагыдай жана зарыл каражаттар менен жетишилүүчү мыйзамдуу максатка ылайыкталган шартта коргоо чараларын камтуу;
  • Негизинен жарандык жана административдик укук жаатында бир катар укук коргоо каражаттарын, ошондой эле тең укуктуулук институттары аркылуу берилиши мүмкүн болгон данакерлик жана талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү сыяктуу зыяндын ордун толтуруучу юридикалык эмес механизмдерди карап чыгуу.

Жазык мыйзамдарынын алкагында тайкы көз карашка негизделген кылмыштардын таанылып, тиешелүү жазасын алышын камсыз кылуу.

Мамлекеттер өздөрүнүн жазык-укук тутумдары сенек көз карашка негизделген кылмыштар үчүн өлчөмдөш санкцияларды толук таанышы жана караштырышы зарыл, корголгон мүнөздөмөлөрдүн түркүн түрлөрүнүн ушул мыйзамдарга киргизилишин камсыздашы керек. Жабырлануучуларды мындай кылмыштар тууралуу билдирүүгө үндөө, ошондой эле катталган жаңжалдардын саны тууралуу расмий статистикалык маалыматтарды чогултуу жана сөз болуп жаткан кепилдиктин түрүнө жараша бөлүштүрүлгөн, ийгиликтүү соттук тергөөлөрдү камсыз кылуу максатында ушул мыйзамдардын натыйжалуу аткарылышын көзөмөлдөө керек.

Тең укуктуулук маселелери боюнча көз карандысыз институттарды түзүү

Мамлекеттер тең укуктуулук боюнча көз карандысыз институттарды түзүүгө же алардын ролун күчөтүүгө тийиш, же тең укуктуулукту жана басмырлабоону, анын ичинде сөз эркиндигине карата укукту колдоо жана коргоо максатында адам укуктары боюнча улуттук институттардын (АУУИ) ыйгарым укуктарын кеңейтиши зарыл.

Мындай мекемелерге тиешелүү деңгээлде төмөндөгү ыйгарым укуктар берилиши керек:

  • Мыйзамдарды жана саясатты иштеп чыгуу, аларга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү маалыматтык жактан камсыздоо, ошондой эле эмпирикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында артыкчылыктуу багыттардагы басмырлоонун масштабдары жана таасири жөнүндөгү маалыматтарды чогултуунун механизмдерин иштеп чыгуу;
  • Мыйзам чыгаруу органдарына жана өкмөткө жарандык коомдун бул процесстерге ар тараптуу жана натыйжалуу катышуусун колдоого алуу менен, мамлекеттердин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине ылайык келген, анын ичинде сөз эркиндигине жана басмырлабоого байланыштуу мыйзамдарды жана саясатты иштеп чыгууга жардам берүү;
  • Басмырлоо боюнча даттанууларды кабыл алуу жана зарылчылыкка жараша талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү / ыктыярдуу механизмдерин түзүү;
  • Алдын алуучу өкмөттүк механизмдерди же ар кандай жамааттардын ичиндеги же алардын ортосундагы чыңалууну көзөмөлдөгөн координациялык борборлорду толуктоо жана аларды маалымат менен камсыздоо;
  • Коомдор аралык өз ара алаканын жана диалогдун ар кандай механизмдерди кубаттоо жана тиешелүү учурда колдоого алуу.

Адам укуктары боюнча улуттук институттар биргелешип иштеши кажет: алар мамлекеттик органдардын ортосундагы өнөктөштүктү жөнгө салып жана керек болгон учурда жеке субъекттер жана жарандык коом менен бирге басмырлоонун түпкү себептерин жоюу багытында иш алып барышы зарыл. Буга байланыштуу алар ушул колдонмодо көрсөтүлгөн чараларга, ошондой эле Адам укуктары боюнча кеңештин 16/18 резолюциясына жана Рабат иш-аракеттер планына таянып, басмырлоонун түпкү себептерин жоюу боюнча иш-аракеттердин улуттук пландарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жагынан чоң милдет аткарышы керек. Бул боюнча кененирээк маалыматты биздин колдонмодон көрө аласыз.

3. Мамлекеттердин саясат жаатындагы позитивдүү чаралары

Жек көрүүчүлүккө каршы күрөшүү үчүн, мамлекеттер коомдук турмуштун бардык аспектилеринде бир катар позитивдүү, мажбурлабаган саясий чараларды колдонуу менен, тайкы көз караштарга жана басмырлоого каршы туруп, “кастык тилине” жооп кайтарышы зарыл. Мындай саясий чаралар үчүн милдеттүү түрдө мыйзам кабыл алуу талап кылынбайт.

Бул чаралар мамлекеттик кызмат адамдарынын адам укуктарын сыйлоосуна негизделиши керек. Ошондой эле диалогду жайылтуу жана ага коомдун бардык катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна көмөктөшүү менен колдоого алынышы керек.

Сабырсыздыкты айырмалоо жана ага каршы чыгуу

Мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде саясатчылар, сабырсыздыкты жана басмырлоону, анын ичинде “кастык тилин” таанууда жана ага каршы ыкчам иш-аракет жасоодо негизги милдетти аткарышы керек. Бул үчүн ошол айтылган сөздү, андан келип чыккан туура эмес пикирлерди айырмалоо жана четке кагуу, андан жабыр тарткан адамдарга же топторго тилектештигин жана колдоосун билдирүү, бүтүндөй коомго зыян келтирген чыр-чатактарды тынчытуу талап кылынат. Бул иш-чаралар айрыкча коом аралык тирешүү күчөгөн же курчуп кетүү ыктымалдыгы бар жерлерде, ошондой эле саясий кызыкчылыктар жогору болгон учурларда, мисалы, шайлоонун алдында өзгөчө мааниге ээ.

Мамлекеттик кызматкерлердин күн мурунтан жана натыйжалуу кийлигишүүсү башкаларды ушул сыяктуу аракеттерге баруудан сактап, чыңалуу күчөгөн учурлардын алдын алууда маанилүү роль ойнойт. Алар башка субъекттердин, атап айтканда, “кастык тилинен” жабыркоочуларга, аларга тилектеш болгондорго, анын ичинде “унчукпаган көпчүлүккө” багытталган каршы пикирлер үчүн мейкиндик ачуу жагынан да абдан маанилүү милдетти аткарат. Демек, мамлекеттик кызмат адамдары сабырсыздыкка жана басмырлоого каршы күрөшкө өбөлгө түзө турган кеңири диалогду түзүү же аны кубаттоо аркылуу орчундуу иш жүргүзө алышат.

Мамлекеттик кызмат адамдарынын сабырсыздык жана басмырлоо көрүнүштөрүнө каршы келген аракеттери эң натыйжалуу болгон жагдайларды иликтөө үчүн кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат адамдары калктын бир бөлүгүнүн мындай кеп-сөздөргө тартылышына себеп болгудай тынчсызданууларды жана жаңылыш түшүнүктөрдү убагында жана таасирдүү түрдө жоюп турбаса, анда “кастык тилин” айыптоо эле жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан коомчулукту тынчсыздандырган жана кооптондурган учурларга карата кызмат адамдарынын жооп чаралары жокко чыгаруу аракети менен эле чектелбей, жүйөлүү, фактыларга негизделген каршы далилдерге негизделиши, зарыл болсо, талкууга чакырышы керек. Бирок бул коомдук талкууга таасир этпеген арасат адамдардын же топтордун позицияларын ашыкча баса белгилөөгө алып келе турган болсо, мамлекеттик кызмат адамдары “кастык тилинен” келип чыгуучу окуяларга жооп кайтаруудан сактанышы керек.

Мамлекеттик кызматкерлерге басмырлоону жайылтууга же тең укуктуулукту бузууга жол берген кеп-сөздөрдөн алыс болуу, зомбулукка же басмырлоого, анын ичинде “кастык тилине” карата бериле жүргөн тайкы баалардын кооптуулугун аңдоо, ошондой эле мындай чакырыктарга унчукпай коюу аны унчукпай кубаттоого барабар экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абдан маанилүү. Мындан улам мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турумун жөнгө салуучу так эрежелер болушу зарыл. Саясий партиялар тарабынан кабыл алынган адеп кодекстери жана “басмырлоосуз” саясат жүргүзүү да позитивдүү саясий чаралар катары каралышы шарт.

Тең укуктуулук маселелери боюнча даярдоо

Мамлекеттик мекемелердин сабырсыздыкка жана басмырлоого каршы күрөшүнө ишенимди арттыруу үчүн, мамлекеттик кызмат адамдары басмырлоонун табиятын жана анын адамдарга жана топторго тийгизген таасирин толук билип, тең укуктуулукту колдой да, жактай да билиши керек.

Мамлекеттер өз кызмат адамдары, коомдук ишмерлер жана мамлекеттик органдар тең укуктуулук жана басмырлабоо укуктары боюнча даярдык көрүшүнө шарт түзүп бериши зарыл. Айрыкча басмырлоо адатка айланган же тарыхый жактан айыпталбай калган учурларда бул абдан маанилүү. Даярдык көрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына мектептер жана башка билим берүү мекемелери, куралдуу күчтөр, полиция, сот органдары, медицина адистери, юридикалык кызматтар, саясий бирикмелер же диний мекемелер катышуусу керек.

Тең укуктуулукка даярдоо адатка айланган басмырлоону жоюу боюнча иш-чаралардын кеңири чөйрөсүнүн бир бөлүгү болушу мүмкүн жана мекемелерге ишенимди күчөтүү үчүн кайсы тармактарда аракеттер көрүлүп жаткандыгы коомчулукка так жеткирилиши керек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы плюрализм жана тең укуктуулук боюнча мамлекеттик саясат

Бардык мамлекеттер төмөндөгүлөргө ылайык, плюрализмдин жана тең укуктуулуктун өнүгүшүнө түрткү берүүчү ар түрдүү жана плюралисттик маалымат каражаттары үчүн социалдык жана укуктук базанын болушун камсыз кылышы керек:

  • Түзүм жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин кандай гана жөнгө салуу болбосун, ал өкмөттөн көз карандысыз, коом алдында отчёт берген жана ачык-айкын иш алып барган органдар гана жүзөгө ашырышы керек деген негизги принципке ылайык келиши керек;
  • Түзүмдөр өз контентин өндүрүү жана жайылтуу максатында, ошондой эле мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз түрдө, башкалар тарабынан өндүрүлгөн контентти алуу үчүн ар кандай жамааттардын маалымат каражаттарына, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эркин кирүү укугун колдоого алууга тийиш.

Бул түзүмдөр, негизинен, төмөнкү иш-чаралар аркылуу жүзөгө ашырылышы керек:

  • Байланыш каражаттарынын жана медиа кызматтарынын, анын ичинде телефон, Интернет жана электр энергиясынын бирдей жана жеткиликтүү баада берилишине көмөктөшүү;
  • Гезит, радио, телекөрсөтүү жана башка байланыш тутумдарын түзүү укугуна карата басмырлоону жоюу;
  • Коомчулук ар кандай маалымат кызматтарын кеңири колдонушу үчүн ар түрдүү байланыш аянтчаларында чыгып турууга жетиштүү “мейкиндик” бөлүп берүү;
  • Коомдогу бардык маданияттарды, жамааттарды жана ой-пикирлерди биргеликте көрсөтүү максатында мамлекеттик кызматтар менен коммерциялык жана коомдук маалымат каражаттарынын ортосунда ресурстарды, анын ичинде берүүлөр жыштыгын калыс бөлүштүрүү;
  • ЖМКны тескөөчү башкаруу органдарынан бүтүндөй коомдогу пикирлерди кеңири чагылдырууну талап кылуу;
  • ЖМК менчигинин бир колго ашыкча топтолушуна жол бербөө үчүн эффективдүү чараларды көрүү;
  • Объективдүү критерийлерге негизделген көз карандысыз жана ачык-айкын тартипте каржылык жана башка формалардагы мамлекеттик колдоону камсыз кылуу. Маалыматтын жалпыга бирдей ишенимдүү, плюралисттик нукта жана өз убагында берилип турушун камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле ар түрдүүлүккө өбөлгө түзгөн же ар башка жамааттардын диалогун кубаттай турган контентти өндүрүү.
  • Ар кандай жамааттарга багытталган маалымат каражаттарынын иштешине тоскоолдук кылуучу азчылыктардын тилин колдонуудагы бардык чектөөлөрдү алып салуу;
  • Ар түрдүүлүктү камсыздоо, анын ичинде ар кандай коомдоштуктарга багытталган маалымат каражаттарынын көз карашынан алып караганда, эфирдик лицензия алууга берилген өтүнмөлөрдү баалоо критерийлеринин бири болушу керек;
  • Турмушу начар жана четтетилген топтор үчүн маалымат каражаттарынын ресурстарынын, анын ичинде окуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдей жеткиликтүү болушун камсыздоо.

Мамлекеттин же өкмөттүн көзөмөлүндөгү маалыматтык тутумдарды өзгөртүү, учурдагы коомдук телерадио берүү тармактарын бекемдөө жана плюрализмди, сөз эркиндигин, дайыма өзгөрүп туруучу медиа мейкиндиктеги тең укуктуулукту камсыздоо максатында коомдук маалымат каражаттарынын жетиштүү каржыланышын камсыздоо менен жалпыга маалымдоо каражаттарында коомго кызмат кылуу парызын коргоо жана бекемдөө зарыл.

Билим берүү жана маалымат өнөктүктөрү

Терс сенек көз караштарга жана айрым адамдарга карата басмырлоого каршы туруу үчүн маалымдуулук-агартуучулук өнөктүктөрдүн болуп турушу өтө маанилүү. Так маалыматка негизделген мындай өнөктүктөр эл арасында айтылуучу имиш кептерди жана жаңылыш түшүнүктөрдү жокко чыгарып, адамдардын күнүмдүк мамилелериндеги сабырсыздыкты аныктоого жана ага каршы күрөшө билүүгө ишеним артат.

Атап айтканда, коомчулукка маалымат жана билим берүү өнөктүктөрү башталгыч, орто жана жогорку билим тутумуна айкалыштырылып, атайын кемсинтүүчүлүккө каршы күрөш, кемсинтүүдөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү кызматтары, анын ичинде жабырлануучулардын өздөрү баштаган демилгелер менен толукталууга тийиш. Айрыкча мектептеги окуу материалдарынын ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга көңүл бурулуп, белгилүү бир топтор жөнүндө сенек көз караштарды жана тайкы пикирлерди камтыган окуу китептерин колдонууга жол берилбеш керек.

Өзгөртүүчү сот адилеттиги

Адам укуктарынын абдан көп бузулушунан, анын ичинде кеңири жана системалуу түрдө тараган басмырлоолордон кийин, чындыкка, адилеттүүлүккө, элдешүүгө жана калыбына келтирүүгө кепилдик берген механизмдер тарыхый окуялардын артында турган “чындыкты” биргелешип чечүү үчүн соттон тышкаркы позитивдүү каражат болуп калды. Ал муну менен ажырым коомдордо элдешүүгө негиз болуп берүүдө.

Тескерисинче, ачык, ар тараптуу дискуссиялар жана тарыхый окуяларды сындаган талкуулар бир тараптуу жарыяланган же мыйзамдуу түрдө таңууланган «чындыктардын» пайдасына тыйылып калса, ар кандай жамааттардын ортосундагы терең нааразычылык жана ишенимсиздик күчөп, чыр-чатактар кайталанышы  ыктымал.

Мамлекет чыр-чатактардын кесепеттерин же басмырлоонун же зомбулуктун тутумдуу көйгөйлөрүн расмий таануу, ошондой эле тиешелүү чыр-чатактарды жеңүү жана калыбына келтирүү үчүн айрым окуяларды же учурларды символикалык түрдө белгилөө жагынан маанилүү иш аткара алат. Муну көбүнчө эстеликтер, музейлер жана эл көп чогулган жерлер сыяктуу коомдук жайларды бөлүп көрсөтүү, ошондой эле адамдардын болуп өткөн окуялардын себептерин түшүнүүсүнө, жыйынтыгын кабыл алышына өбөлгө түзүү багытындагы кеңири иш-аракеттер аркылуу жүзөгө ашырууга болот.

4. Башка кызыкдар тараптар эмне кылса болот?

Мамлекеттен башка дагы кызыкдар тараптар тең укуктуулукту жана басмырлабоо чечимин жактоодо, ошондой эле сөз эркиндигине көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойношу мүмкүн. Көп адамдар муну өздөрүнүн корпоративдик жана/же социалдык милдеттенмелеринин негизги бөлүгү катары эсептешет.

Жарандык коомдун демилгелери

Жарандык коом өзүнүн ыйгарым укуктарына кирбеген учурларда деле адам укуктарын коргоо жана аны илгерилетүү жагынан абдан маанилүү милдетти аркалашат. Жарандык коом бирдей же ар кандай тектеги адамдардын ортосундагы формалдуу жана бейформал алакалар үчүн мейкиндикти, ошондой эле адамдар сөз эркиндигин колдоно турган жана теңсиздикке жана басмырлоого каршы туруучу аянтчаларды камсыз кыла алгандыктан, алардын иш-аракеттери “кастык тили” менен күрөшүүдө зор мааниге ээ. Сабырсыздык жана зордук-зомбулук, ошондой эле “кастык тилине” каршы күрөш жүргүзүү жаатынан алып караганда, жергиликтүү, улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде жарандык коомдун демилгелери эң бир инновациялык жана натыйжалуу иш-чаралардын катарында турат.

Жарандык коомдун демилгелери көбүнчө басмырлоого жана зордук-зомбулукка көбүрөөк дуушар болгон адамдар жана жамааттар тарабынан иштелип чыгып, жүзөгө ашырылат жана позитивдүү маалыматтарды жайылтуу жана коомчулукту агартуу, басмырлоонун мүнөзүн жана кесепеттерин иликтөө жагынан баа жеткис мүмкүнчүлүктөрдү берет. Андыктан жарандык коом үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу дагы чечүүчү мааниге ээ.

Таасирдүү катышуучуларды жана институционалдык бирикмелерди тартуу

Басмырлоо жана анын таасири жөнүндөгү коомчулуктун түшүнүгүн жакшыртуу үчүн өкмөттүн, жарандык коомдун жана жалпы эле коомдун ортосундагы диалогду жана алаканы күчөтүү талап кылынат. Негизги субъекттер коомдогу жектөө жана тайкы түшүнүктөргө каршы күрөшүү максатында кызматташуу үчүн биригүүгө аракет кылышы керек. Тактап айтканда, бейөкмөт уюмдарды, полицияны, саясатчыларды, тең укуктуулукту камсыз кылуучу органдарды, чыгармачыл адамдарды, диний мекемелерди жана эл аралык уюмдарды коомдогу сабырсыздыкка жана жалган пикирлерге каршы биргелешип күрөшүүгө чакыруу зарыл.

Көз карандысыз жана плюралисттик маалымат каражаттарынын ролу

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы багытталган “кастык тили” менен күрөшүү боюнча кандай гана саясий иш-аракеттер болбосун, маалымат каражаттарын жөнгө салуунун ар кандай формасын саясий таасирден көз карандысыз органдар жүзөгө ашырышы керек деген негизги принципке төп келиши керек. Мындай органдар коомчулуктун алдында отчёт берип, ачык-айкын иш алып барууга тийиш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялык көз карандысыздыгына жана плюрализмине доо кетирбөө керек, анткени бул экөө тең демократиялык коомдун калыптануусунда чоң мааниге ээ.

Эфирге чыгуучу маалымат каражаттарына келсек, кандай гана ченемдик база болбосун, азчылыктардын жана арасат топтордун өз контентин өндүрүү, жайылтуу жана башкалар тарабынан өндүрүлгөн контентти алышы үчүн маалымат каражаттарына, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эркин жетүү укуктарын камсыз кылууга тийиш.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык түрлөрү корголгон мүнөздөмөлөрү кеңири адамдар үчүн тең укуктуулукту жана басмырлабоо талабын жайылтуу боюнча моралдык жана социалдык жоопкерчиликти алат. Өздөрүнүн жеке түзүмүнө байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары төмөнкүдөй тийиштүү чараларды көрүшү керек:

  • Жумушчулардын ар түрдүү жана жалпы коомдун өкүлдөрү болушун камсыз кылуу;
  • Мүмкүнчүлүккө жараша коомдогу бардык топторду кызыктырган маселелерди чечүү;
  • Жамааттарды бир тектүү кылып көрсөтүүнүн ордуна, ар кандай жамааттардан бир нече маалымат булактарын жана ой-пикирлерди издөө;
  • Кесиптик деп таанылган жана адеп ченемдерине ылайык, маалымат берүүнүн жогорку стандарттарын сактоо;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге тең укуктуу принциптерди чагылдырган кесиптик жүрүм-турум эрежелерин жайылтуу жана аны натыйжалуу колдонуу.

Басмырлоого каршы жигердүү күрөшүү үчүн маалымат каражаттары төмөнкүлөрдүн үстүнөн иш алып барууга тийиш:

  • Окуялардын контекстин бузбай, факты менен кылдат чагылдыруу;
  • Басмырлоо көрүнүштөрүнүн коомчулукка кабарланып турушун камсыз кылуу;
  • Жеке адамдарга жана топторго карата басмырлоочу же терс сенек көз караштардын ЖМКда жайылтылышынан сактануу;
  • Расасына, динине, жынысына, сексуалдык багытына, гендерлик шайкештигине жана сабырсыздыкка түрткү бере турган башка топтук айырмачылыктарды жөнү жок эле белгилей берүүдөн баш тартуу;
  • Басмырлоодон жана терс сенек көз караштардын зыяндуулугу тууралуу коомчулуктун билимин арттыруу;
  • Ар кандай топтордун же жамааттардын турмушу жөнүндө маалыматты чагылдыруу жана алардын мүчөлөрүнө өздөрүн жакшыраак түшүнүү мүмкүнчүлүгүн бергидей сүйлөө жана угуу жагынан көмөктөшүү;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарынын тең укуктуулукту жайылтуудагы ролу жана сенек көз караштардан алыс болуунун зарылдыгы жөнүндөгү билимди кеңири жайылтуучу программаларды киргизүү.

Коомдук берүүлөр кызматы жеке адамдарга жана топторго карата терс сенек көз караштардан алыс болууга милдеттүү. Алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарына жараша топтор аралык ынтымакты бекемдөөгө жана ар башка жамааттар кездеше турган кыйынчылыктарды жакшыраак түшүнүүгө тийиш.

Өзүн-өзү жөнгө салуу тутумдары аркылуу жеткиликтүү болгон укук коргоо каражаттары жагынан алып караганда, сөз эркиндигин жана тең укуктуулукту коргоо үчүн төгүндөө же жооп кайтаруу укугуна кепилдик берилиши зарыл. Бул жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес маалыматтарды жарыялаган же тараткан учурда, жеке адамдардын маалымат каражаттарынан аларды төгүндөөнү талап кылуусуна мүмкүндүк берет.

Интернет-ортомчулардын ролу

“Кастык тилин” аныктоодо жана ага жооп кайтарууда Интернет ортомчуларынын ролуна өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Интернеттеги ортомчулар, анын ичинде веб-хостинг компаниялары, интернет провайдерлери (ISP), издөө тутумдары жана социалдык тармактагы платформалар адамдардын Интернет аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда эң маанилүү роль ойнойт. Алар көбүнесе ар кайсы юрисдикцияларда иштеген жеке компаниялар. Бул компаниялар биринчи кезекте контентти түзүү же өзгөртүү менен алектенбестен, колдонуучулардын баарлашуусун жеңилдетип жатышат, алар контентти модерациялоо үчүн барган сайын көбүрөөк колдонулууда. Айрым учурларда бул мамлекеттин тикелей кийлигишүүсүн же жарандык жоопкерчиликтин режимдерин кабыл алууну да билдирет. Буга ылайык ортомчулар мыйзамсыз деп божомолдонгон контентти көзөмөлдөөгө жана аны өчүрүп салууга тийиш болот. Бул факторлор ортомчулардын контентти алып баруу ишин кантип жүргүзгөнүнө таасир этет.

Ошондой эле ортомчулар өз кызматтарын башкалардын пайдалануусу үчүн шарттарды түзүү багытында ыктыярдуу демилгелерди көтөрүп, белгилүү шарттарда модератордук кызмат аткарышат. Көпчүлүгү “кастык тилин” жана анын башка түрлөрүн колдонууга тыюу салганы менен, бул “шарттар” айрым учурларда “жамааттын стандарттары” же “жетектөөчү принциптери” сыяктуу анча расмий таризделбейт. Алып баруу процесстериндеги ачыктык деңгээли жана мындагы чечимдерге даттануунун ички механизмдери сыяктуу эле алып баруу ыктары да кыйла айырмаланат.

Көпчүлүк факторлор “кастык тили” камтылган контенттин ортомчулар тарабынан алып салынышына өбөлгө түзүп жаткан сыяктанат, мисалы:

  • Ортомчулардын саясаты, алардын ишмердигин сактап калууну же кеңейтүүнү каалаган бир нече юрисдикциялардын улуттук мыйзамдарына шайкеш келишин камсыздоо үчүн жасалуучу кысым бар, көпчүлүгү сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына туура келбейт жана көбүнчө үзүк-жулук же өтө кууш калыпка салуучу стандарттарды колдонууга алып келет;
  • “Кастык тили” жаатындагы кооптонуудан улам ортомчуларды жөнгө салуунун кымбатыраак түрлөрү таңууланбашы үчүн өзүн-өзү жөнгө салуу аркылуу мазмунду тескөөгө кызыктырган, мамлекет жана кээде коомчулук менен кызматташууга түрткөн кысым;
  • “Кастык тили” түшүнүгүнө жакындагысы келбеген жарнама берүүчүлөр же башка киреше булактары тарабынан жасалуучу коммерциялык кысымга жооп аракеттер.

Контентти, анын ичинде көбүнесе “кастык тилин” модерациялоодо ортомчуларга тиешелүү болгон бир катар кооптонуулар бар:

  • Сөз эркиндигинин жетишсиз корголушу: көптөгөн ортомчулардын колдонуучулары адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде мамлекеттерге уруксат берилгенге салыштырмалуу ой-пикирлердин көп түрдүүлүгү жагынан чектелишет. “Жеке цензуранын” масштабы олуттуу – ал адам укуктарын коргоо жана колдоого алуу жагынан моралдык жана социалдык жоопкерчилик маселелерин жаратат. Ортомчуларды ушул милдеттерге олуттуу мамиле жасоого багытталган демилгелерде сөз эркиндигине тиешелүү маселелер көбүнчө көз жаздымда кала берет. Мындан тышкары, атаандаш укуктар менен кызыкчылыктар боюнча калыс чечим чыгаруу үчүн биринчи кезекте кирешени эске алуучу чечимдин алгылыктуулугу кыйла шек жаратат;
  • Контентти алып салууда, анын ичинде контент кандайча белгиленип, алып салына турган учурда ортомчулардын чечим кабыл алуу процессиндеги ачык-айкындыктын жана отчёттуулуктун жоктугу (мисалы, эгерде контенттин модерациясы автоматташтырылса же автоматташтырылбаса, модераторлор үчүн кандай даярдыктар жана колдоолор болору белгисиз). Көпчүлүк ортомчулар мамлекеттердин же башка ишканалардын өтүнүчкө жооп катары контентти өчүрүшүнөн айырмаланып, контентти өчүргөндүгү тууралуу маалыматты өз демилгеси менен жарыялашпайт. Бул “жеке цензурага” байланыштуу ортомчулардын иш-аракетин талдоо же баалоо жагынан олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.
  • Контент өчүрүлгөндө же ортомчулар тарабынан башка санкциялар колдонулган маалда жол-жобо кепилдиктеринин жоктугу жана натыйжалуу укук коргоо каражаттарынын жеткиликсиздиги. Бул жерде мамлекеттер мыйзамдуу жол менен алып салууга мажбурлай албаган контентти өчүрүп салууну талап кылуу үчүн отчёттуулук механизмдерин же жеке компанияларга болгон таасирин колдонушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Же болбосо, бардык мажбурлоо ыйгарым укуктарын чектеген жол-жобо кепилдиктерин буйтап өтүшү ыктымал. Контентти көзөмөлдөө функцияларын мамлекеттен ортомчуларга өткөрүп берүү колдонуучуларды өздөрүнө карата кабыл алынган санкцияларга каршы чыгуу же коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Акыркы жылдары колдонуучуларга “кастык тили” камтылган контентти өчүрүү тууралуу билдирүүгө мүмкүндүк берген көптөгөн жаңыдан киргизилген эрежелерге карабастан, алар же мыйзамсыз деп эсептелгендиктен, же ортомчунун тейлөө шарттарына карама-каршы келгендиктен, контентти адилетсиз же негизсиз алып салуудан коргоо боюнча колдонуучулардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жагынан анча жакшы ийгиликтер болгон жок. Чындыгында, көпчүлүк ортомчулар колдонуучуларга контентти өчүрүү боюнча эскертүүлөрдү же түшүндүрмөлөрдү бербейт окшойт. Өчүрүүлөрдөн тышкары, ортомчулар тарабынан киргизилген эсептерди токтотуу же бөгөттөө сыяктуу башка санкциялар кээ бир учурларда гана эскертүү, даттануу же мыйзамдуу кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү менен коштолот.

  • Азчылыктын пикириндеги колдонуучуларга же ага макул болбогондорго контент өчүрүүнүн ашыкча таасири: ортомчулар колдонгон модерациянын көпчүлүк моделдери колдонуучулардын арыздарына таянгандыктан, азчылыктын же макул болбогондордун көз карашы көбүрөөк даттанууларды жаратышы мүмкүн, ошондуктан аларды алып салуудан этият болушат. Андыктан ошол эле Интернет колдонуучулары даттануу жолу менен кол салууга кабылып, контентти алып салуудан жана алардын эсеп-кысабына коюлган санкциялардын таасиринен улам жабыр тартып калышы мүмкүн. Контентке нааразы болгон көпчүлүк Интернет колдонуучулар жек көрүүчүлүктүн айынан мыйзамсыз же зыяндуу контентти өздөрү жөн эле алып салууну каалаган контенттен айырмалай алышпайт же ага кызыкдар эмес деген өкүнүчтүү жыйынтыкка келүүгө болот.

АРТИКЛЬ 19 ортомчуларды Рагги Принциптерине ылайык адам укуктарын колдоого алуу жана коргоо боюнча социалдык жана моралдык жоопкерчиликтерине олуттуу мамиле кылууга үндөйт.

Ушуга байланыштуу жана ыктыярдуу өзүн-өзү жөнгө салуунун субъекти катары биз ортомчуларды төмөнкү иш-аракеттерди аткарууга чакырабыз:

  • Адам укуктарын, анын ичинде сөз эркиндигине, теңдикке жана басмырлабоого болгон укукту камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча милдеттенмелерди өздөрүнүн жобосуна жана шарттарына киргизүү;
  • Колдонуучуларга социалдык тармактарда аккаунт ачуу же жүргүзүү үчүн “өз ысымдарын” пайдаланууну же өздүгүн ырастоочу документтерди көрсөтүүнү талап кылбастан, жашыруун калуу укугун камсыз кылуу;
  • Колдонуучулар чектөөлөргө дуушар болушу ыктымал контенттин түрлөрүн түшүнүшү үчүн ар кандай мазмундук чектөөлөр социалдык тармактын шарттарында так жана жеткиликтүү форматта көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
  • Колдонуучуларга карата санкцияларды киргизүү, анын ичинде контентти алып салуу же эсептик жазууларды токтотуп коюу боюнча бардык процесстердин, жоболордун жана шарттардын алкагында так көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
  • Колдонуучуларга сөз эркиндиги, теңдик жана басмырлабоо укуктарынын маанилүүлүгү жөнүндө билимдерди камтый турган ортомчунун жообун алып салуунун ордуна, “кастык тилине” жооп кайтаруу жана аларга каршы туруу үчүн колдонуучулардын укугун жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү механизмдерди изилдөө;
  • Колдонуучулардан конкреттүү контентке даттанууда бул маалыматтарды, анын ичинде: (i) сөз болуп жаткан контент; (ii) колдонуучулардын контентти алып салууну каалаган себептери; (iii) өтүнмө ээси; жана (iv) ак ниеттүүлүк тууралуу декларациясын талап кылуу;
  • “Кастык тили” боюнча шарттар ушул колдонмонун 3-бөлүгүндө баяндалган стандарттарды чагылдыруучу чектөөлөрдүн жогорку чегин орнотушун камсыз кылуу;
  • Шарттарды жана талаптарды бузган колдонуучуларга карата кандайдыр бир санкцияларды колдонордо болжолдонгон бузуудан келтирилген зыянды, ошондой эле колдонуучунун платформада мурунку жүрүм-турумун эске алуу менен өлчөмдөштүктү камсыз кылуу. Колдонуучуну платформада бөгөттөө башка арга калбагандагы чара болушу керек;
  • Санкциялар киргизилгенге чейин колдонуучулардын даттануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, өздөрүнүн контентине каршы берилген даттануулар тууралуу санкциялар салынганга чейин кененирээк кабарлама алышын камсыз кылуу. Алдын ала билдирүү болбогон учурда ортомчулар, жок дегенде, контенттин алынып салынышы жөнүндө, анын ичинде өчүрүүнүн себептери жана бул чечимге даттануунун ички механизмдеринин бар экендиги жөнүндө билдирүүгө тийиш.

Маанилүү топтор аралык диалогдун ролу

Топтор аралык конструктивдүү байланыштын жоктугу, ошондой эле обочолонуудан, түнттүктөн улам пайда болуучу азыркы көрүнүштөр көп учурда топтор аралык чыңалууга олуттуу өбөлгө болуучу факторлор катары аныкталат. Мындай шартта “кастык тили” кенен жайылтылып, зордук-зомбулукка, кастыкка же басмырлоого тукуруу көрүнүштөрү орун алышы мүмкүн.

Ар кандай топтордун, айрыкча ар кандай диндеги же ишенимдеги жамааттардын ортосундагы туруктуу жана натыйжалуу диалог топтор аралык чыңалууну же шектенүүнү басаңдатууга мүмкүндүк берүүчү алдын алуу чараларынын бири болушу мүмкүн. Бул өзгөчө топтор аралык тирешүү, күчөп, зордук-зомбулукка, басмырлоого же чыр-чатактарга тукурууга чейин жеткен учурда өзгөчө натыйжалуу болушу ыктымал. Бирок диалог натыйжалуу болушу үчүн ал курулай эмес, чыныгы пикир алмашууга, айырмачылыктарды жана келишпестиктерди талкуулоого мүмкүндүк бериши керек. Диалог коомчулукту “салттуу” лидерлерден тышкары коомдордун өз өкүлчүлүктөрүн түзүшүн камсыз кылышы да кажет.

Мындан тышкары, мисалы, спорттун же маданий алмашуунун контекстинен алып караганда, жалпы коомдон обочолонгон жамааттар ортосундагы же коомчулукту кызыктырган практикалык маселелерди чечүүгө багытталган коомдоштуктар менен расмий эмес пикир алмашуулар ишенимди жана мамилелерди чыңдайт. Эгерде өкмөттөн ачык колдоо тапса, анда топтор аралык диалогдун жана баарлашуу демилгелеринин таасири жогорулашы мүмкүн.

Расмий же расмий эмес  “диалогдордун” контекстинен тышкары, ар кандай жамааттардын өкүлдөрү, атап айтканда диний лидерлер жана башка жамаат лидерлери, сабырсыздык жана басмырлоо көрүнүштөрү боюнча ой-пикир билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул айрыкча сабырсыздыкты жана басмырлоону жактоочулар белгилүү бир жамааттардын же кызыкдар топтордун өкүлдөрү болгондо же алардын атынан иш алып барганда өзгөчө мааниге ээ. Диний жана жамааттык лидерлердин өздөрүн көрсөтүү талабын жокко чыгарууга эле эмес, тигил же бул адамдын позициясына олуттуу шек келтирип, ошону менен бирге ынанымдуу каршы баяндама сунуштоого да толук мүмкүнчүлүктөрү бар.