Мамлекеттердин террорчулуктун алдын алуу боюнча күч-аракетине байланыштуу “террорго тукуруу”, “зордукчул экстремизм” жана “радикалдашуу” түшүнүктөрү кээде “кастык тили” менен чаташтырылат.
Террорчулук жана мамлекеттин жооп чаралары пикир айтуу эркиндигине тиешелүү кооптонууга себеп болушу ыктымал. Айрым адамдар террордук чабуулга кабылып, кол салуучулар адамдардын тилин тыюу максатында коркутуп-үркүтүп жаткан чакта мамлекеттердин террорчулукка карата чаралары пикир айтуу эркиндигинин өтө катуу чектелишине алып келет.
“Террорчулуктун” да, “террордук иш-аракеттердин” да адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык жалпы кабыл алынган аныктамасы жок.
Бирок адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык, мамлекеттер террорчулукка тукурган жосундарды тыюуга милдеттүү. “Кастык тилине” тийиштүү болгондой эле, улуттук коопсуздукту коргоо үчүн киргизилүүчү чектөөлөр АЖУЭПтин 19(3)-беренесинде туюнтулган үч бөлүктүү критерийге шайкеш келиши керек (караңыз: ЧЕКТӨӨЛӨР).
Йоханнесбург принциптеринде улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептелген пикирлердин айтылышы кайсы учурларда чектелери кенен чечмеленген: Мамлекеттер:
- бул кеп-сөздүн зомбулукка апкелбей койбостугун;
- ушундай зомбулукка түрткү бериши ыктымалдыгын;
- туюнтулган пикир менен зомбулуктун келип чыгышынын же ушундай ыктымалдыгынын ортосунда тикелей байланыш бар экенин көрсөтүшү керек.
“Кастык тилинен” башкы айырмачылыгы – террордук зомбулук басмырлоочу жек көрүүчүлүктү үгүттөө аркылуу козутулуп жатканын же зомбулук адамдардын конкреттүү тобуна алардын ким экенине байланыштуу эле багытталганын көрсөтүү зарылдыгы жок. Дайыма болбосо да, террордук зомбулук көбүнчө адамдарды тандабай кырууга же жабыркатууга багытталат.
Пикир айтуу эркиндигине тиешелүү маселелер террордук иш-аракеттерди же аларга байланышкан “экстремизмди” жана “радикалдашууну” “актоо”, “колдоо” же “даңазалоого” болгон тыюуну камтыган кеп-сөздөрдүн алда канча кеңири категорияларын чектөө үчүн “улуттук коопсуздукка” негизденген учурларда келип чыгат. Бул тыюулар үчүн зомбулукка тукуруучулук ниетин же пикирдин айтылышы менен зомбулуктун келип чыгышынын ортосунда себеп-натыйжа байланышынын бар болгонун далилдөө талап кылынбайт.
Мындай кеңири тыюулар укук ченемдүү саясий талкууларды тыюу үчүн; террордук кол салууларга жана аларга жооп иретине мамлекеттин көргөн чаралардын майнаптуулугуна жана ылайыктуулугуна карата азчылыктардын пикирлерин же расмий кабыл алынган көз караштан айырмаланган пикирлерин тыюу үчүн туш келди эле колдонула бериши ыктымал. Же атүгүл коомдун кызыкчылыктарына тиешелүү көптөгөн башка маселелер боюнча пикирлерди чектөөгө багытталышы да мүмкүн. Мунун баары сабырсыздыкка каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттердин өнүмдүүлүгүнө терс таасир этиши ыктымал. Айрыкча азчылыктар же арасат топтогулар мындай мыйзамдар алардын саясий көз караштарын айтышына тоскоолдук кылуу үчүн колдонулуп жатканын байкаганда ушундай болот.
Ал эми террорчулук жана ага жооп катары өкмөттүн көргөн чаралары тууралуу талаш-тартыштар көбүнчө шайкештик маселелерине тиешелүү болот. Террордук иш-аракеттерге тукуруучу же террорчулукту жактаган кеп-сөздөр басмырлоочу мүнөздө болушу ыктымал. Мисалы, террордук кол салууну актагандар тутунган динине же ынанымына, жынысына, улуттук тегине байланыштуу жабыркагандарды жек көрөрүн билдириши мүмкүн.
Өкмөттүн террордук иш-аракеттерге жооп чаралары басмырлоого байланыштуу тынчсызданууну жаратып, теңдик менен сабырдуулукка залал келтириши ыктымал. Тутунган динине же кайсы өлкөдөн келгенине карап эле бүтүндөй бир топтогу адамдарды террорго байланыштырган саясат жүргүзүлүшү да мүмкүн. Сапарга чыгууну тыйган же токтотуп тинткен басмырлоочу ушундай саясатты колдогон жек көрүмчүл кеп-сөздөр да “кастык тилине” теңештирилиши мүмкүн.
“Цензура экстремизмге каршы эффективдүү жооп эмес. Ачык-айкын жана сынчыл талкуулар пикир айтуу эркиндигине жасалуучу дайымкы кысымды жана анын башкы себептерин жоюуга багытталуучу ар кандай стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Сөздөрдү ашыкча эле кылмыштуу деп айыптай берген жосун тынчсызданган учурларды жана алардын себептерин айтпай, жаап-жашырууга, нааразылыктын күчөп, зомбулуктун келип чыгышына алып келиши ыктымал”.
– Бириккен Улуттар Уюмунун жана пикир айтуу эркиндиги жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн “пикир айтуу эркиндиги жана чыр-чатактуу кырдаалдарга жооп кылуу” жөнүндө биргелешкен декларациясы.