Жек көрүү темасына сынчыл ой жүгүртүү

“Кастык тили” адепсиз тамашалардан тартып, адамдарды жапырт өлтүрүүгө чакырыктарга чейин жетиши мүмкүн, андыктан биз мындай сөздөрдү укканда аны таанып, ажырата билүү ар дайым эле оңой боло бербейт.

Кээде адамдар ошондой сөздөрдү айтып жаткан киши атайлап зыян келтирүү ниети бар деп жаңылышып эсептешет. Бирок ошол адам жетиштүү кабардар болбогонунан же сабатсыздыгынан улам мындай сөздөрдү айтышы ыктымал.

Экинчи жагынан, сабатсыз мамиле кайсы адамдарга багытталса, ошолорго тийгизген терс таасирин көрбөй калуу оңой. Чындыгында, адамдар терең сиңип калган ишенимдер адамдардын айрым топторунун адамгерчиликтүүлүк өзөгүн канчалык бузушу мүмкүн экендигин түшүнүшпөйт. Бир караганда, мындай билдирүүлөр “жек көрүүгө толгон” болуп көрүнбөсө дагы, кимге багытталса, ошолорго  зыянын тийгизет.

Жек көрүү сезими коркуу сезиминен же сабатсыздыктан келип чыгышы мүмкүн, бирок бул ошондой эле билбестиктен улам пайда болгон түшүнүктөрдүн, ишенимдерди четке каккан стереотиптердин, жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматты бурмалоосунун, саясий манипуляциялоонун же расисттик көз караштардын натыйжасы болушу мүмкүн. Кээде “кастык тили” маргиналдашкан топторду адам катарынан чыгарып салат, бул болсо аларга каршы зомбулукка алып келиши мүмкүн.

Төмөнкү түшүнүктөр жана мисалдар күнүмдүк турмушта биз туш болгон жана теңсиздикке алып келиши мүмкүн болгон идеяларды сын көз менен карап чыгууга жардам берет.

Келбети башкаларга окшобогон адамдарды коом кодулап, опузалап турат. Сүрөттө: Бир аял татуировкасы бар кызды кызыгуу менен карап турган баланын назарын башка жакка бурууда. Сүрөттүн автору: Алина Печенкина

Стереотиптер жана жалпылоолор

Стереотиптер жана жалпылоолор дайыма эле катуу жек көрүү сезимине толгондой көрүнбөшү мүмкүн, бирок убакыттын өтүшү менен алар кимдерге багытталса, ошолорго зыяндуу терс таасирин тийгизиши ыктымал. Мындай көз караштар айрым адамдардын келечеги үчүн өтө терс кесепеттери бар саясатка жана практикага таасир этиши мүмкүн.

    • Кандай стереотиптерди эстей аласыз?
    • Стереотиптүү көз караштарга кантип каршы турууга болот?

Никаб кийген кыздардан эч себепсиз коркуу жана аларды жек көрүү адатта мазактоо жана өзүн алардан алыс кармоо менен коштолот. Сүрөттө: Коомдук транспортто никаб кийген кызды башка жүргүнчүлөр мазактоодо. Сүрөттүн автору: Алина Печенкина

Жаңылыш көз караш

“Кастык тили” түрүндө билингенден тышкары, бир тараптуу же расисттик көз караш  басмырлоочу жүрүм-турум менен да көрүнөт. Мисалы, кимдир бирөөгө туулган жерине байланыштуу башкача мамиле жасоодо же басмырлоочу маанайдагы саясатта билинет. Айталы, паспортторду тартып алуу же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга киргизилген чектөө.

  • Кандай алдын-ала жаңылыш көз карашты эстей аласыз?
  • Аларга кантип каршы турууга болот?

Кыргызстанда аялдарга карьералык тепкичтен көтөрүлүү эркектерге караганда алда канча кыйын. Экөөнүн квалификациясы тең болгон күндө да, аялдардын эмгек акысы эркектерге караганда бир кыйла төмөн болот, айырма бир нече ондогон пайызга жетиши мүмкүн. Сүрөттүн автору: Алина Печенкина

Басмырлоо

Басмырлоо адатта коомдогу бийликтин жана үстөмдүктүн структурасын чагылдырат жана адамдардын бүтүндөй топторунун обочолонушун шарттайт. Басмырлоонун ар кандай түрлөрү болушу мүмкүн, анын ичинде салттуу лакаптар жана үрп-адаттар да бар. Мындай көрүнүштөр коомдогу айрым топторго карата терс жана зыяндуу көз карашты калыптандырууга өбөлгө түзөт, бул алардын маргиналдашуусуна алып келет.

  • Адамдардын кайсы бир тобун маргиналдаштырган кандай басмырлоочу тажрыйбалар оюңузга келди?
  • Бул тажрыйбалар коомго кандай таасир этет?

Кыргыз өкмөтүндө элди агартууда өзүнө ыңгайсыз болгон ыкмаларга тыюу салуу же чектөө адаты бар. Автор: Алина Печенкина

Саясий манипуляция

Кээде бийликтегилер жеке саясий кызыкчылыктарын көздөп, адамдарды манипуляциялоо үчүн жек көрүүгө үгүттөшөт. Адамдардын бир тобу экинчисин жек көрүүгө үндөөдөн ким пайда табаарына сын көз менен ой жүгүртүп, саясий манипуляциялоону жеңүүгө болот.

Балдар стереотиптерди түшүнүп, же жаңылыш көз караш менен бул дүйнөгө келбейт. Алар баалуулуктарды жана ишенимдерди үй-бүлөсүнөн, курдаштарынан, мугалимдерден, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана айланасындагы адамдардан үйрөнүшөт. Адамдар башкаларга карата терс ойлорду жана мамилени  чөйрөсүндөгү адамдар менен байланыш түзүп жатып үйрөнүшөт. Башкача айтканда, адамдарды жек көрүүгө үйрөтүшөт.

  • Коомуңузда кайсы топтор сизди жек көрүүгө үйрөтүүдө?
  • Адамдарды бири-бирин жек көрдүрүү менен мындан пайданы ким табат?

Биздин өлкөдө тез-тез болуп жаткан саясий көйгөйлөрдөн улам эл өз укуктарын коргоп адатта митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүп келет, бул болсо бийлик үчүн ыңгайсыздыкты жаратары турган иш. Сүрөттүн автору: Алина Печенкина

Жок жерден садага болчу адамдарды издөө

Саясий манипуляциялоонун бир мисалы – бул жок жерден эле садага болчу адамдарды издөө. Саясий элита башкалардан коркуу сезимин жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгон учурлар көп кездешет. Садага болчу адамдарды табуу коомдогу көйгөйлөр үчүн адамдардын белгилүү бир тобун адилетсиз айыптоо дегенди билдирет.

    • Сиздин коомдогу адамдардын кайсы тобун социалдык көйгөйлөргө көп күнөөлөшөт?
    • Айрым бир адамдарды садага чабуудан пайда тапкан саясий топту аныктай аласызбы?

Кыргызстанда баш калкалачу жайы жок адамдарга көбүнчө ыпылас бир нерседей мамиле жасалат, коом аларды басынтып, жек көрүп, аларга такыр кам көрбөйт. Сүрөттүн автору: Алина Печенкина

Кемсинтүү

Дегуманизациялоо же адам сыягынан чыгаруу – бул адамдарды жеке адамдык касиеттеринен ажыраткан процесс, муну бийликте тургандар ошол адамдарга карата башкача мамиле жасаганын актоо үчүн колдонушат. Дегуманизациялоо адатта көпчүлүктүн, үстөмдүк кылган топтун же алардын тарапкерлеринин аң-сезиминде башка бир адамдар кандайдыр бир өзгөчө мүнөздөмөсүнөн улам кандайдыр бир деңгээлде азыраак адамдык касиетке ээ деген ойду калыптандырат. Убакыттын өтүшү менен, үстөмдүк кылган топтун арасында айтылган сөздөр “башкаларды” өзүнүн жеке адамдык сапаттарынан ажыратып, “аларды” топ катары гана карап, топтун ар бир мүчөсүнүн жеке адам катары баалуулугун жокко чыгарат.

Адамдар ар кандай жолдор менен башкаларды адам сыягынан чыгарышат, мисалы, жалпы мүнөздөмөлөрү бар адамдардын тобун (мисалы, расасы же дини бир болгондорду) жаныбарларга, мителерге, жада калса ооруларга да теңдештиришет. “Кастык тили” дегуманизациялоо аспаптарынын бири болуп калышы мүмкүн.

  • Дегуманизациялоого мисал келтире аласызбы?
  • Дегуманизациялоо адамдарга жана коомго кандай таасир этет?

ЖМКдагы бурмалоолор

Адамдар адатта башкаларга зомбулук кылууга жана басмырлоого кызыкпайт. Башкаларды жамандап, “анча жакшы эмес” дегенде, кемсинткендер “башка” топту демейки адептик ченемдердин чийининен тышкарыга чыгарып, атүгүл аларга жан тартпай калышат. Бул процесс адамдардын башка топтогуларды өтө жек көрүп калышына жана аларга зомбулук кылууга болот деп ойлошуна алып келиши ыктымал.

Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, жалпыга маалымдоо каражаттары же социалдык желелер аркылуу күчөтүлгөндө, кемсинтүү маанайы кеңири таралып, коомду бөлүп-жарып, адамдарды зордук-зомбулукка түртүшү ыктымал.

Тарыхчылар, социологдор жана психологдор кемсинтүүнү зомбулукка жана геноцидге карай жасалуучу орчундуу кадам деп эсептешет.

Биз ушундай идеяларга дайыма туш болобуз, булар бардык маданияттарга жана коомдорго мүнөздүү келет.

Кемсинтүүнүн сотто каралбай турган түрлөрү, зыяндуу сенек көз караштар, басмырлоочу, жиктөөчү саясат же жүрүм-турум, же болбосо саясий максаттагы “садага чабуу” өнөкөтү адамдардын бүтүндөй топторун бөлөктөп, алардын өз укуктарын сакташын кыйындатат же үнүн угузбай коёт.

Биз өзүбүздүн жаңылыш түшүнүктөрүбүздү, алар биздин сөздөрүбүздөн жана иш-аракеттерибизден кандай көрүнүшү мүмкүн экенин ойлонсок болот. Ошондо сенек көз караштарга каршы кыйла майнаптуу иш жүргүзүп, бардык адамдардын укуктарын кыйла жакшы коргой алабыз.

“Кастык тилин” цензура аркылуу тыя алабызбы?

«Кастык тилин» бүт бойдон тыйсак же цензураласак эле басмырлоону азайта алабыз деп ойлосок, жаңылышабыз.

Бирок “кастык тилинин” бардык көрүнүштөрүн жөн эле цензуралап салуу менен жек көрүүчүлүктүн жана басмырлоонун түпкү себептерин жоюу мүмкүн эмес. Айрыкча цензура жек көрүүчүлүктү үгүттөгөн адамдардын оозун жапса да, идея жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, талкууларга тоскоолдук кылат.

Ал гана эмес, көбүнчө бийликтегилер арасат жана аялуу абалда калган жарандарды коргобой эле, алардын кеп-сөздөрүн кылмыштуу деп баалаш үчүн “кастык тилин” цензуралоо жөнүндөгү кеңири колдонулуучу мыйзамдарды кыянаттык менен колдонот.

Эгер жек көрүүчүлүктүн түпкү себептери наадандыкка байланышкан болсо, биз агартуу иштерин жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында маселени талкуулап, жакшыраак чагылдырышыбыз керек.

Бирок эгер башка топторго адилетсиз үстөмдүк кылган же ушундай саясат жүргүзгөн учурларга келсек, биз мындай кеп-сөздөрдү чектеп, аларга каршы турушубуз керек.

“Кастык тили” викторинасы

1-cуроо
Төмөнкү айтылгандардын кайсынысы туура? Туура ойлордун баарын белгилегиле.
A
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде “кастык тилинин” бирдиктүү аныктамасы жок. Бул өтө ар түрдүү, кеңири маанидеги түшүнүк болуп саналат.
B
Өкмөттү, улутту же желекти сындаган сөздөр – бул “кастык тили”.
C
Кастык тили дайым эле оозеки туюнтула бербейт. Ал жазуу же көрмө түрдө да болушу ыктымал, биз аны басма сөздөн, телевидениеден, Интернеттен окушубуз, көрүшүбүз мүмкүн.
D
Кастык тили адамдарга алардын ким экенине карай эле айтылат. Ага биринчи кезекте адамдардын расасы, жынысы, дини, улуту, майыптыгы, мигрант же качкын макамы, тили же сексуалдык багыты шылтоо болот.
1-cуроо Түшүндүрмө: 
Идеяларды, башкаруунун ишин, желекти жана динди сындаган сөздөр кастык тилине кирбейт. Кастык тили адамдарга алардын ким экендигине карай эле багытталат.
2-cуроо
Эмне үчүн биз анча дурус эмес, акарат келтирген же атүгүл басмырлоочу пикирлерди коргошубуз керек?
A
Мындай кеп-сөздөрдүн баары эле кастык тилине тиешелүү боло бербейт. Муну тыйып салганда адамдар идея алмаша албай, бири-биринен үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
B
Биз орой, акарат келтирген же басмырлоочу кеп-сөздөрдү жактабашыбыз керек. Аларды тыйып же цензурага салып туруу керек.
C
Диний идеяларга шек келтирген же өкмөттү сындаган кеп-сөздөр, атүгүл орой же айрымдарга акарат келтирсе да, кастык тилине тиешелүү болбойт. Мындай айтымдар өтө зарыл, анткени бийликте тургандарды жоопко тартуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
D
Көпчүлүккө жакпаган сөздөрдү арасат же аялуу абалдагы адамдар айтышы мүмкүн. Андай пикирлерди өтө тез чектеп салганда арасат топтогулардын пикир айтуу эркиндигине болгон укугу бузулушу ыктымал.
2-cуроо Түшүндүрмө: 
Кастык тилин тыюу менен эле анын себептерин жоюу мүмкүн эмес. Тийиштүү чаралардын баары үстүрт, сенек же жиктеме көз карашка каршы күрөш жүргүзүү үчүн колдонулушу керек. Өтө кеңири же бүдөмүк тыюулар да башкача ой жүгүртүүгө бийликтегилерди сындоого бөгөт коюшу мүмкүн. Жүйөлүү пикирлерге да тыюу салынып калбашы үчүн биз этияттык кылышыбыз кажет.
3-cуроо
Чектөөгө боло турган “кастык тилин” кантип айырмалай алабыз? Туура деп эсептеген варианттардын баарын белгилегиле.
A
Бул диндерге, өкмөттөргө жана желектерге карата болбошу керек, жалгыз гана адамдарга карата болушу керек. Биз идеяларга карата айтылган сөздөрдү адамдарга карата айтылган сөздөрдөн айырмалашыбыз керек.
B
Басмырлоочу, жек көрүүчүлүктү үгүттөгөн жана башкаларга каршы көкүтүүчү кеп-сөздөр өтө чоң зыян келтириши мүмкүн. Мындай кеп-сөздөргө жол берилбеши керек, аларды тыюу зарыл.
C
Коомдогу адеп-ахлакка же тартипке шек келтирген кеп-сөздөрдү тыюу керек.
D
Башка адамдарды тукум курут кылууга, аларга кас болууга же каалагандай зомбулукка чакырган кеп-сөздөрдү тыюу зарыл.
3-cуроо Түшүндүрмө: 
“Коомдук адеп-ахлак” же “коомдук тартип” түшүнүктөрү көбүнчө өтө кеңири мааниде колдонулуп, адамдарды жынысы, гендерлик шайкештиги, сексуалдык багыты же башка каалагандай аялуу белгиси боюнча ашыкча басмырлоого себеп болушу мүмкүн.
4-cуроо
Кастык тилине карата төмөнкү жооп аракеттердин кайсынысы аны чектеп, ошол эле учурда адамдардын өз пикирин айтышына мүмкүндүк берет?
A
Биз орой, акарат келтирген жана басмырлоочу кеп-сөздөрдүн баарын тыйышыбыз керек. Кастык тилине жол берилбеши кажет.
B
Пикир айтуу эркиндиги – бул адам укуктарынын бири. Ошондуктан ар ким каалаганын айта берсе болот.
C
Ачык талкуулар адамдардын ар түрдүү идеялар, диндер, расалар жана маданияттар жөнүндө суроо беришине, чакырык салышына жана башкалардын пикирин угушуна мүмкүндүк берет. Биз ар түрдүү болсок да, баарыбыз адамбыз. Баарыбыздын адамдыгыбызды өз ара сыйласак, бири-бирибизди жакшы түшүнө алабыз.
4-cуроо Түшүндүрмө: 
Орой, акарат келтирген же жиктеме кеп-сөздөр – бул чакырык салуу, бирок буларды ашыкча тыя берген да жарабайт. Ошол эле учурда пикир айтуу эркиндиги чексиз эмес, башка адамдардын зомбулуктан жана басмырлоодон эркин болуу укугун жокко чыгарган учурларда аны чектеш керек. Биз баарын теңдештиришибиз керек. Жооп катары берилген реакциялар кастык тилине себеп болгон сенек көз караштарга жана сабырсыздыкка каршы күрөш менен байланыштырылышы кажет.
5-cуроо
Кастык тилине кантип каршы турушубуз керек? Туура деп эсептеген жооптордун баарын белгилегиле.
A
Биз жек көрүмчүл же акарат келтирген кеп-сөздөрдүн баарын цензуралап же чектешибиз керек.
B
Кастык тилине карата ар кандай эле жооп аракет көз караштарга жана сабырсыздыкка каршы күрөш менен байланыштырылышы кажет.
C
Орой же жек көрүмчүл кеп-сөздөр ыркты бузат да, ар кандай чыр-чатактарга себеп болот. Биз кастык тилине көбүрөөк сөздөр менен гана жооп кайтара алабыз.
D
Кастык тилине каршы күрөшүү чечими ар тараптуу болуп, укуктук, саясий жана ыктыярдуу чараларды камтууга тийиш.
5-cуроо Түшүндүрмө: 
Биз теңдик жана басмырлоого жол бербестик принциптерине таянуу менен жек көрүүчүлүктү курчутууга каршы тура алабыз. Биздин маалыматты издөө, алуу жана таратуу укугубузду ашыкча көзөмөлдөй бергенде бири-бирибизден үйрөнүү, билим алмашуу жана маселелерди чечүү жолдорун биргелешип табуу мүмкүнчүлүгүбүз азаят.
Толтура турган 5 суроо бар.
List
Return
Shaded items are complete.
12345
Return