Кастык тили деген эмне?
Жөнөкөйлөтүп айтканда, “кастык тили” – бул шайкештигине, тегине карай адамдарды басмырлоого багытталган каалагандай сөздөр.
“Кастык тили” айрыкча арасат абалдагы топторго каршы тукуруу үчүн айтылганда коркунучтуу болот. Бирок “жек көрүүчүлүктүн” кез-кезде акарат кылуу же терс көз караштарды айтып туруу сыяктуу жумшагыраак формалары да чөйрөнү ууктуруп, жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. “Кастык тили” адамдардын кадыр-баркына дайыма тийишкен аракеттери кишинин көңүлүн оорутуп, социалдык, саясий, экономикалык жана маданий жактан обочолонтууга багытталат.
Ар бирибиз “кастык тили” зыяндуу экенин, адам укуктарынын корголушун камсыздоо үчүн жек көрүүчүлүктүн бардык формаларына каршы күрөш жүргүзүү зарылдыгын таанышыбыз чоң мааниге ээ.
Бирок “кастык тили” деген эмне?
“Кастык тили” термининин жалпы кабыл алынган аныктамасы жок.
“Кастык тили” – бул өтө кеңири маанидеги термин, аны башкалардын кишилик баркын жокко чыгаруу же көңүлүн оорутуу максатында айтылуучу каалагандай басмырлоочу сөздөр деп түшүнсөк болот. Мындай сөздөр, албетте, коомго, мисалы, азчылыктарга жана арасат топтордогуларга терс таасир этет.
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде акарат же орой мааниде, мисалы, жек көрүмчүл, басмырлоочу болгону үчүн эле пикир айтууга чек коюлбашы керектиги белгиленген. Бирок бул чара олуттуу кесепеттин алдын алуу үчүн бирден бир жолу болгон учурда өкмөттөр пикир айтуу эркиндигин чектегенге милдеттүү. Пикир айтуунун мындай түрлөрү “кастыкты козутуучу кеп-сөздөр”, тагыраагы, басмырлоочу, жек көрүмчүл, зомбулукка, кастыкка же кемсинтүүгө тукурган эң орой сөздөр катары кабылданышы ыктымал. Мисалы, басмырлоо маанисиндеги тикелей опузаны чектөө керек.
Эрежеге ылайык, улуттук өкмөттөр бул терминдерге өз мыйзамдарында аныктама беришет, ошондуктан ар кайсы өлкөлөрдө ар башкача түшүнгөн учурлар кездешет. Айрыкча эл аралык ченемдерге шайкеш келбеген мыйзамдардын көптүгү да чаташууларга себеп болууда.
Дүйнө жүзүндө “кастык тилине” тиешелүү өкмөттөр кабыл алып жаткан мыйзамдарга байланышкан маселелер көп кездешерин байкайбыз. Бир жагынан, таасирдүү кишилер зомбулукка тукуруп, мындай жосуну үчүн жазаланбай эле, опузалаганды уланта беришет. Экинчи жагынан, дүйнөнүн туш тарабында башкача ой жүгүртүү укугун коргобой, ушундай нуктагы кеп-сөздөрдү тыюу максатында мыйзамдар кыянаттык менен пайдаланылып калууда.
Кастык тилинен кимдер жабыркайт?
Башка болгондугу үчүн эле ар бир адам “кастык тилинин” бутасына алынышы мүмкүн.
Бирок кишинин жүрүм-турумун же идеясын сындаган кеп-сөздүн баары эле “жек көрүмчүл” боло бербейт.
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде адамдарды басмырлоодон коргоого негиз болуучу бир катар мүнөздөмөлөр белгиленген. Бул мүнөздөмөлөргө төмөнкүлөр кирет (бирок муну менен эле чектелбейт):
- Раса
- Жыныс
- Өң-келбет
- Дин
- Жарандык
- Гендерлик иденттүүлүк
- Сексуалдык багыты
- Майыптык
- Мигрант же качкын макамы
- Түпкү калктын өкүлү
Мисалы, саясатчынын идеясын жактырбаганыңыз үчүн аны жек көрөрүңүздү айтсаңыз, муну “кастык тили” дешке болбойт. Бирок эгер саясатчыны аял болгону үчүн же өңү башка болгону үчүн эле жек көрөм десеңиз, анда бул “кастык тили” болот.
“Кастык тили” адамдардын ким экенине байланыштуу айтылат.
АРТИКЛЬ 19 “кастык тилинен” коргоого адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде белгиленген кишини басмырлабоого тиешелүү кыйла кеңири жоболордо корголуучу мүнөздөмөлөрдүн баарын камтыган жүйө болууга тийиш деп эсептейт. Мунун баары түшүнүктүүдөй көрүнсө да, кээде четке кагылып калат.
Эл аралык жана регионалдык документтердин чаржайыттыгы ички мыйзамдардагы “кастык тилинин” түрдүүчө чечмеленишине, атап айтканда, корголуучу мүнөздөмөлөр боюнча да айырмаланышына себеп болду.
АРТИКЛЬ 19 эгер тийиштүү чечмелөө укуктарды ашыкча жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн өтө кысып салгыдай болсо, адам укуктарынын жүзөгө ашырылышы каалагандай эл аралык укуктук документтеги баштапкы туюнтмага өтө формалдуу ыктоочулук менен, атүгүл аны иштеп чыгуучулардын ниети менен да чектелбеши керек деп айтылган.
Мындан тышкары, адам укуктары боюнча эл аралык документтер мезгил өткөн сайын, келишимдерде санап көрсөтүлүүчү, ошондой эле тикелей санап берилбеген корголуучу мүнөздөмөлөргө карата колдонулуучу (терминдин кеңири маанисинде) теңдик принцибин колдоо иретинде чечмеленип баратат. Көптөгөн мамлекеттер “кастык тилине” тыюу салуучу улуттук мыйзамдарда чагылдырылган, корголуучу мүнөздөмөлөрдү өздөрүнүн теңдикти камсыздоо жана басмырлабоо боюнча кыйла кеңири милдеттенмелерине шайкеш түрдө таанышат.
Пикир айтуу эркиндигине жетиштүү кепилдиктер болгондо “кастык тили” жөнүндөгү жоболорго корголуучу мүнөздөмөлөрдүн кеңири түрлөрү камтылышы керек деп эсептейбиз. Буларга, атап айтканда, төмөнкү мүнөздөмөлөр кириши кажет: кишинин расасы, өңү, жынысы, тили, саясий же башка көз караштары, улуту же социалдык теги, мүлктүк абалы, туулган жери, түпкүлүктүү калктан экендиги же шайкештиги, майыптыгы, мигрант же качкын макамы, сексуалдык багыт алуусу, гендерлик шайкештиги же интерсексуал макамы.
“Кастык тили” дайыма эле бирдейби?
“Кастык тилинин” наадандардын басмырлоочу сөздөрүнөн, акарат келтирген тамашасынан баштап, бөлөк топтогуларды басмырлоого, эң жаманы, аларды өлтүрүүгө ачык эле чакырган үгүткө чейинки түрлөрү бар.
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерде өкмөттөр тыюуга тийиш болгон “кастык тилинин” конкреттүү категориялары айырмаланат. Аларга башка болгондугу үчүн эле тийиштүү топторго зыян келтиришке көпчүлүктү көкүтүүчү сөздөрдү активдүү үгүттөгөн чакырыктар кирет. Зыяндуу иш-аракеттер – зомбулук, басмырлоо же башка кастык мүнөздөгү иш-аракет.
Эгер “кастык тилинин” айрым көрүнүштөрү жөн гана акарат келтирүү же кемсинтүү маанисинде болсо, башкалары адамдарды киши өлтүрүүгө тукурат. Ошондуктан тигил же бул конкреттүү учурда булардын кайсынысына туш келгенибизди так айырмалай билишибиз керек.
Жек көрүмчүл кеп-сөздөргө талаптагыдай, таасирдүү жооп чараларын тандоо үчүн биз жек көрүүнүн түпкү себептерин билишибиз зарыл.