Пикир айтуу жана сөз эркиндигине болгон укук деген эмне?
Пикир айтуу жана сөз эркиндиги Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренесинде корголгон жана адам укуктары боюнча бардык эл аралык жана аймактык келишимдердин алкагында юридикалык күчкө ээ, адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат.
Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченем мамлекеттерден бардык адамдарга мамлекеттик чек араларга карабастан, адамдын тандоосуна ылайык каалаган каражаттарды колдонуу менен ар кандай маалыматты же идеяны издөө, алуу жана жайылтуу эркиндигине кепилдик берүүнү талап кылат.
Сөз эркиндигине болгон укук аракеттеринин чөйрөсү кеңири мааниге ээ. Ага маселен, башкалар абдан кемсинтүү маанисинде кабыл алышы мүмкүн болгон ой-пикирлер менен идеялардын билдирилиши, ошондой эле басмырлоочу кеп-сөздөр кирет.
Адамдын бардык укуктары универсалдуу, ажырагыс, бири-биринен көз каранды жана бири-бирин бекемдейт деген пикирлер көп айтылат. Эл аралык ченемдерде сөз эркиндигине болгон укукту негизги укук катары баса белгилөөгө эки себеп бар.
- Жеке деңгээлдеги сөз эркиндиги ар бир адамдын өнүгүүсүнө, кадыр-баркынын жана аткарылышынын зарыл шарты болуп саналат. Адамдар башка адамдар менен эркин ой жүгүртүү жана маалымат алмашуу аркылуу айлана-чөйрө жана жалпы эле дүйнө жөнүндө түшүнүк ала алышат. Эгер адам ой-пикирин билдире алса, өздөрүн коопсуз жана сыйлуу сезишет.
- Мамлекеттик деңгээлде сөз эркиндиги акыйкат башкаруу үчүн, демек, экономикалык жана социалдык прогресс үчүн абдан маанилүү. Ал адамдарга өкмөттү тынчсыздандырган көйгөйлөрдү, анын ичинде башка адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатындагы маселелерди талкуулоого жана көтөрүүгө мүмкүндүк берип, отчёттуулукту камсыз кылат.
Сөз эркиндиги абдан маанилүү, андыктан ага карата чектөөлөрдүн баары, бөтөнчө, так аныкталган жана негиздүү болушу керек. Адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдер эмнелерди айтууга боло тургандыгын жана болбой тургандыгын гана чектебестен, мамлекеттер сөз эркиндигин чектөө үчүн көрүп жаткан чараларды негиздөө үчүн дагы так критерийлерди да бекитет.